КРде былтыр майып болуп калгандардын 95 пайызы ишке жарактуу курактагылар

© Sputnik / Виталий БелоусовСпециализированная ярмарка вакансий для инвалидов
Специализированная ярмарка вакансий для инвалидов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жалпысынан 194 миңден ашуун майып бар. Алардын басымдуу бөлүгү айыл жерлеринде жашайт.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда жашы 18ден жогоркулардын арасында 11 миң киши майып деп табылган. Алардын арасында 95 пайызы ишке жарактуу курактагылар экенин Улуттук статистика комитети кабарлады.

"Майыптыгы жаңы аныкталгандардын ичинен жарымынан көбүрөөгү, тагыраагы, 57 пайызы эркектер. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 71 пайызы айыл жергесинде жашайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле акыркы беш жыл ичинде өлкөдө майыптыгы боюнча пенсия алгандардын саны 11,2 пайызга көбөйгөнү белгилүү болду.

Балдар тууралуу айта турган болсок, төрөлгөндөн тарта 18 жашка чейинкилер арасында 2019-жылы 5 миң киши майып деп аныкталды. Алардын көбү тубаса кемтиктерден улам мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

Жалпысынан Кыргызстанда 194 миңден ашуун майып бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0