Бишкектин айрым жерлеринде 4-декабрда жарык жок болот. Тизме

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги көп кабаттуу үйлөр. Архив
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык борбор калаанын төрт конушу менен ондон ашуун көчөсүндө өчүрүлөт. Монтаждоочу бригада электр тармагынын ишин жакшыртмакчы.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда эртең, 4-декабрда, электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.

Жарык жок болот деген жерлер:

  • 9:00дөн 14:00гө чейин — Көк-Жар конушунда (Арстанбап, Кулмурзаев көчөлөрүндө);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Карасаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн айрым жерлеринде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Древесная көчөсү менен Эстония тилкесинин кесилишинде;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Кара-Балта, Коммунаров, Жаз көчөлөрүнүн жана Ала-Тоо (Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Камыр-Ата көчөлөрүндө), Арча-Бешик (Бердибаева, Сулуу-Төр, Садырбаева, Ойсул-Ата көчөлөрүндө), Ак-Босого (Чүй 52 жана Чүй 55 көчөлөрүндө) жаңы конуштарынын айрым жерлеринде.
Жаңылыктар түрмөгү
0