Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

КРде канча киши түрмөдө отурат, канчасы оор кылмыш жасаган. Сандар

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши решетканы кармап турат. Архив
Киши решетканы кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскат Эгембердиевдин айтымында, былтыркыга караганда түрмөгө түшкөндөрдүн саны 2,5 миң кишиге кыскарган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүнкү күндө абактарда тогуз миңге чукул киши отурат. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Аскат Эгембердиев айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн "ЖАМК жетекчиси мунапыс, абактагы экстремисттер жана уюшкан кылмыштуу топко байланышкан кырдаал боюнча айтып берет" деп аталган брифингге катышты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Аскат Эгембердиев
КРде канча киши түрмөдө отурат, канчасы оор кылмыш жасаган. Сандар - Sputnik Кыргызстан
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Аскат Эгембердиев
"Абактагылардын жалпы санынын 36 пайызы оор кылмыш, ал эми 38 пайызы өтө оор кылмыш менен түшкөн", — деди Эгембердиев.

Анын айтымына караганда, жыл башынан бери түрмөгө түшкөндөрдүн саны 2,5 миң адамга кыскарган.

Исправительные колонии в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК: абактагы 100дөй адам коронавирус жуктуруп алган, каза болгондору да бар
"Быйыл апрель окуяларынын 10, Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата мунапыс боюнча мыйзам чыккан. Анын алкагында абактан 60 киши бошотулуп, 800үнүн мөөнөтү кыскартылган", — деп билдирди ЖАМК башчысы.

Ал ведомствонун алдында абакта отургандардын жаза мөөнөтүн кыскартууну караган атайын комиссия иштей турганын айтты.

Эгембердиевдин билдиргенине караганда, жыл башынан бери комиссия 1 120 кишинин арызын карап, анын ичинен 500 жаран жатак абагына которулган.

1800дөн ашуун адам катуу тартиптеги абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Эгембердиев алар кылмышка кайталап баргандар экендигин түшүндүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0