Кант диабети менен ооругандар арзандатылган тесттерди сатып алса болот

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүОсобая экономическая зона "Дубна"
Особая экономическая зона Дубна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан кайсы учурда дарыканалардан кант диабети менен ооругандар арзандатылган тест сатып алууга болорун айтышты.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кант диабети менен жабыркаган кыргызстандыктар канындагы глюкозанын деңгээлин билиш үчүн 50 пайыз арзандатылган тесттерди сатыл алса болот. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат кызматынан (ММКФ) кабарлашты.

Ал үчүн жашаган жери боюнча катталган бейтапканага барып, милдеттүү медициналык камсыздандырууга ээ болуш керек. Андан кийин гана жылына 500 тестти жеңилдетилген ыкма менен алса болот.

Продажа лекарств в одной из аптек - Sputnik Кыргызстан
Дарыларды 50 пайыз арзандатуу менен кантип алса болот. Түшүндүрмө
Аны ооругандар ММКФ кошумча программа менен келишим түзгөн дарыканалардан ала алат.

Мындан сырткары, бардык кант диабети менен ооругандар камсыздандырган документи жок болсо да министрликтин алкагында бир канча дарыларды жана медициналык товарларды алса болот. Алар: инсулин, ийне, глибенкламид (5 мг. түрүндө 5 таңгак же 600 таблетка).

Ал эми жарандар камсыздандырылбай, бирок бейтапканада каттоодо турса, аларды үй-бүлөлүк медицина борборунан тиешелүү түрдө медициналык тейлөөдөн өткөрүүгө укуктуу.

Көрсөтүлө турган кызматтардын тизмеси:

  • Дарыгердин кабыл алуусу жана кеп-кеңеши;
  • Лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр: кандан, заарадан алынган жалпы анализ, аны микроскопиялоо, какырыктын анализи, кан менен заарадагы кантты аныктоо, кандагы холестеринди аныктоо, электрокардиограмма (ЭКГ);
  • багыттаган кагазы бар болсо бейтапкана менен стационардын амбулатордук-диагностикалык бөлүмүндөгү лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жасалат. Буга (ангиография, гемосорбция, компьютердик жана өзөктүк магнит-резонанстык томография, плазмоферез, гемодиализ, литотрипсия) наркы кымбат болгон изилдөөлөр кирбейт;
  • калыбына келтирүүчү жана физиотерапевдик жардам;
  • күндүзгү стационар.
Жаңылыктар түрмөгү
0