Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

ЖАМК Камчы Көлбаевдин №47 абакка которулушу боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖАМКтын башчысынын айтымында, Көлбаев симптоматикалык дарылануудан өтүп жатат. Ноябрдын башында ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан №47 түзөтүү абагына которулган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин №47 түзөтүү колониясына которулганы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда "ЖАМК башчысы мунапыс, колониядагы экстремисттер жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча абал жөнүндө" деген аталышта өткөн брифингде айтты.

Эске салсак, Көлбаев ноябрь айынын башында УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан №47 түзөтүү абагына которулган.

"Арыздын жана объективдүү себептердин негизинде ага клиникалык диагноз коюлуп, № 47 түзөтүү колониясына которулган. Азыр ал симптоматикалык дарылануудан өтүп жатат. Белгилүү себептерден жана жеке маалыматтарды ачыкка чыгарбоо принцибинен улам мен бул суроого комментарий бере албайм", — деди ал.

Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында алынган маалыматтын негизинде колго түшүрүлгөн. Материалдар Кылмыш кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") боюнча катталган.

24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев тергөө бүткөнгө чейин камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0