06:53 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6796
  • EUR103.3811
  • RUB1.1525
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2550)
2899 0 0

Вице-премьер Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартыларын белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы бейтапканалардын дарыгерлери жайында вируска каршы кытай таблеткаларын тараткандыгы кооптондуруп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, Сурабалдиева бүгүн Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

"Бишкек шаарындагы бейтапканалардын дарыгерлери жайында вируска каршы кытай таблеткаларын тараткандыгы кооптондурат. Эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрбөстөн, бул дармектер медициналык мекемелерге багытталган? Алардын курамын, сертификатын эч ким текшерген эмес. Бирок аларды пандемия учурунда иммунитети алсызданган жарандарга беришкен", — деди Сурабалдиева.

Ал мындай учурлар үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу өкүлдөрү тартиптик жоопкерчиликке тартыларын белгиледи.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2550)

Тема боюнча

Чүй менен Бишкекте азайбай койду. Коронавирус боюнча соңку маалымат
COVID-19: өткөн суткада Бишкек менен Ошто бирден киши көз жумду
Бириккен Улуттар Уюмунда "Спутник V" вакцинасынын бет ачары өтөт
Белгилер:
Кытай, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Элвира Сурабалдиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ