Вице-мэр: Бишкекте COVID февраль-мартта жогорку чегине жетери болжолдонууда

© пресс-служба мэрии города БишкекВице-мэр столицы по социальной политике Айжан Чыныбаева
Вице-мэр столицы по социальной политике Айжан Чыныбаева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия жетекчисинин орун басары шаардыктарга кайрылып, тойго барып жаткан жана бара тургандарды жоопкерчиликтүү болуп, бет кап тагынууга чакырды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте коронавирустун жогорку чеги 2021-жылдын февраль-март айларына туура келет деген божомолдор болуп жатат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, ар бир адам өзүнө жоопкерчиликтүү болсо, коронавирус пандемиясынын экинчи толкунун жеңүү мүмкүн.

"Божомолдор ар кандай. Оору февралдын аягы, март айларында жогорку чегине жетиши ыктымал. Тойго барып жаткандардан жана бара тургандардан бет кап тагынгыла деп өтүнүп кетет элем. Тобокелчилик тобуна кирген улуу муундун өкүлдөрүнө жакшы көңүл буруу керек", — деди Чыныбаева.

Вице-мэр борбор калаада эл көп чогулган массалык иш-чараларга уруксат бериле электигин белгилеп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0