1-декабрда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчөт. График

© AFP / JOEL SAGETЭлект лампасы. Архив
Элект лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнү "Түндүк электр" ишканасынын адистери трансформатор жана электр зымдарын текшерип, оңдоп чыгышары айтылат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. 1-декабрь күнү Бишкектин 22 көчөсүндө жана айрым жаңы конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Бул күнү адистер трансформатор жана электр зымдарын текшерип, оңдошору айтылды.

Өчүрүү графиги:

  • 09:00дөн 13:00гө чейин — Павлов көчөсүнүн бир бөлүгү;
  • 09:00дөн 17:00гө чейин — Шевченко, Пушкин, Табышалиев, Турусбеков көчөлөрүнүн жана Чүй проспектисинин бир бөлүгү, Ак Босого жаңы конушунун Чүй 48, Чүй 49 көчөлөрү;
  • 09:13төн 13:00гө чейин — Көк-Жар кичи району (№21-23, 23/2, 38 үйлөр);
  • 09:30дан 12:00гө чейин Рухий-Мурас жаңы конушу (1-көчө);
  • 09:40тан 17:00гө чейин — Осмонкул, Жумабеков, Щербаков, Орозбеков көчөлөрүнүн жана Изюмский тар көчөсүнүн бөлүктөрү;
  • 11:00дөн 17:00гө чейин — Алтын-Ордо жаңы конушу (2-көчө);
  • 12:00дөн 15:00гө чейин — Рухий-Мурас жаңы конушу (Анкара көчөсүнүн 3төн 5-көчөгө чейинки бөлүгү);
  • 15:00дөн 18:00гө чейин — Рухий-Мурас (5-көчө).
Жаңылыктар түрмөгү
0