COVID жуктургандарды кабыл алчу Бишкектеги ооруканалар. Бош орундардын саны

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в ГКБ № 52
Госпиталь COVID-19 в ГКБ № 52  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку суткада коронавирус жуктургандардын саны 380 адамга жетип, алардын ичинен беш бейтап каза болуп калды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

30-ноябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 13 ооруканада 240 бош орун бар.

Коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканалар:

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 8;
  • Улуттук хирургия борбору — 2;
  • Улуттук госпиталь — 17;
  • Улуттук госпиталдын урология борбору — 27;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 6;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 9;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 48;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 20;
  • Темир жол ооруканасы — 13;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 16;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 5;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 10;
  • Республикалык наркология борбору — 59.

Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандардын саны жалпысынан 72 807ге жетип, анын ичинен 1 271 адам каза болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0