380 кишиден коронавирус табылып, 360 бейтап айыкты. Соңку статистика

© REUTERS / MARKO DJURICAСитуация в Сербии на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в Сербии на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын ичинен бешөө ооруну кызыл зонадан илештирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 380 кишиден коронавирус аныкталып, 360 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, оору жуктургандын көбү Бишкек шаарында катталган.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 137;
  • Ош – 4;
  • Чүй облусу – 79;
  • Ош облусу – 18;
  • Талас облусу – 19;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Жалал-Абад облусу – 48;
  • Баткен облусу – 27.

Айыккандар:

  • Бишкек – 84;
  • Ош шаары – 24;
  • Чүй облусу – 59;
  • Ош облусу – 13;
  • Талас облусу – 17;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 49;
  • Жалал-Абад облусу – 53;
  • Баткен облусу – 60.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 72 807ге жетип, анын ичинен 64 149 бейтап ооруну жеңген. Тилекке каршы, бир суткада коронавирус беш адамдын өмүрүн алып, жалпы 1 271 адам көз жумду.

Бир суткада 17 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын ичинен бешөө ооруну кызыл зонадан жуктурган.

  • Бишкек шаары – 10 (кызыл зонадан 5);
  • Чүй облусунда – 3;
  • Ош шаары – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 2.

Кечээтен бери үй карантининен алты медик айыгып чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0