Розанын 750, сирендин 70тен ашык түрүн өстүргөн үй-бүлө. Багбан менен маек

© Фото / предоставлено Ольгой ЖердевойОльга Жердеванын гүл багы
Ольга Жердеванын гүл багы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облусундагы 25 гектар таштак жерди Жердевдердин үй-бүлөсү 49 жылга ижарага алып иш баштаган. Азыр алардын багында розанын 750, сирендин 70тен ашык түрү өсөт. Андан сырткары, декоративдүү жана мөмөлүү дарактардын ондогон түрү бар.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жаратман үй-бүлөнүн башында турган 72 жаштагы Ольга Жердева менен маек курду.

— Каралбай жаткан жерди өздөштүргөн экенсиз. Ишти кантип баштадыңыздар эле?

— Биздин ата-бабаларыбыз XIX кылымдын аягында эле Кыргызстанга көчүп келишкен. Алар араба менен үч жыл жол жүрүп алманын көчөттөрүн Россиянын борбордук бөлүгүнөн азыркы Кыргызстанга алып келип тиккен экен. Алардын эмгеги менен Бишкек шаарындагы бир топ бакча, парктар түптөлгөн. Мындайча айтканда, бул өнөр биздин ата-бабабыздан бери келе жатат. Биз дагы буга чейин Бишкек шаарына бир топ гүлдү белек кылдык, анткени ал шаарды кезинде аталарыбыз дагы гүлдөткөн.

© Фото / предоставлено Ольгой ЖердевойЧүй облусундагы 25 гектар таштак жерди Жердевдердин үй-бүлөсү 49 жылга ижарага алып иш баштаган. Азыр алардын багында розанын 750, сирендин 70тен ашык түрү өсөт. Андан сырткары, декоративдүү жана мөмөлүү дарактардын ондогон түрү бар.
Розанын 750, сирендин 70тен ашык түрүн өстүргөн үй-бүлө. Багбан менен маек - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусундагы 25 гектар таштак жерди Жердевдердин үй-бүлөсү 49 жылга ижарага алып иш баштаган. Азыр алардын багында розанын 750, сирендин 70тен ашык түрү өсөт. Андан сырткары, декоративдүү жана мөмөлүү дарактардын ондогон түрү бар.

Жерди токой чарбасынан 49 жылга ижарага алганбыз. Башында ал жер таштак, колдонулбай жаткан аянт болчу. Бирок жанында суу агып турар эле. Жалпы аянты 25 гектар жерди колдонуп жатканыбызга быйыл 20 жыл болду. Бакчабызга мал кирбесин деп тегерегине бак-дарак тигип коруп салганбыз. Маркум күйөөм техника илимдеринин доктору болчу. Эгер талаада зыянкечтер пайда болсо, биологиялык жол менен ага каршы күрөшүү жолун издеп, такыр химиялык заттарды колдонтчу эмес. Ошол адам башында демилге көтөрүп, үй-бүлөбүз менен жапа тырмак киришип алгачкы кадамдар ташталган. Азыр жыл сайын 100-200 жүк ташуучу унаа малдын кыгын төгүп, бакчаны гүлдөтүп, өстүргөн көчөттөрүбүздү сатабыз.

— Эң кызыгы, ошол кагырап жаткан жерге миңге жакын гүл, мөмөлүү дарактын түрүн өстүрөт экенсиздер?

— Жыл сайын өсүмдүктөрдүн жаңы 50дөн ашык түрүн алып келип өстүрүп, бизде кандай өсө турганын текшерип, экономикалык жагын изилдейбиз. Бакчабызда розанын эле 750, декоративдүү өсүмдүктөрдүн 100гө жакын, жалбырактуунун 25, тикенек жалбырактуулардын 40тай түрүн өстүрөбүз. Андан сырткары, алма, карагаттын ондогон түрү бар.

© Фото / предоставлено Ольгой ЖердевойЖердева: Биздин ата-бабаларыбыз XIX кылымдын аягында эле Кыргызстанга көчүп келишкен. Алар араба менен үч жыл жол жүрүп алманын көчөттөрүн Россиянын борбордук бөлүгүнөн азыркы Кыргызстанга алып келип тиккен экен.
Жердева: Биздин ата-бабаларыбыз XIX кылымдын аягында эле Кыргызстанга көчүп келишкен. Алар араба менен үч жыл жол жүрүп алманын көчөттөрүн Россиянын борбордук бөлүгүнөн азыркы Кыргызстанга алып келип тиккен экен. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Жердева: Биздин ата-бабаларыбыз XIX кылымдын аягында эле Кыргызстанга көчүп келишкен. Алар араба менен үч жыл жол жүрүп алманын көчөттөрүн Россиянын борбордук бөлүгүнөн азыркы Кыргызстанга алып келип тиккен экен.
© Фото / предоставлено Ольгой ЖердевойЖердева: Жыл сайын өсүмдүктөрдүн жаңы 50дөн ашык түрүн алып келип өстүрүп, бизде кандай өсө турганын текшерип, экономикалык жагын изилдейбиз.
Жердева: Жыл сайын өсүмдүктөрдүн жаңы 50дөн ашык түрүн алып келип өстүрүп, бизде кандай өсө турганын текшерип, экономикалык жагын изилдейбиз. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Жердева: Жыл сайын өсүмдүктөрдүн жаңы 50дөн ашык түрүн алып келип өстүрүп, бизде кандай өсө турганын текшерип, экономикалык жагын изилдейбиз.
© Фото / предоставлено Ольгой ЖердевойОльга Жердева: Жолдошум экөөбүз баштаган ишти азыр үч уулум келинчеги жана балдары болуп кол кабыш кылып улантып жатышат. Небере, чөбөрөлөрүм кичинекей болсо дагы аралашып жүрүшөт.
Ольга Жердева: Жолдошум экөөбүз баштаган ишти азыр үч уулум келинчеги жана балдары болуп кол кабыш кылып улантып жатышат. Небере, чөбөрөлөрүм кичинекей болсо дагы аралашып жүрүшөт. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Ольга Жердева: Жолдошум экөөбүз баштаган ишти азыр үч уулум келинчеги жана балдары болуп кол кабыш кылып улантып жатышат. Небере, чөбөрөлөрүм кичинекей болсо дагы аралашып жүрүшөт.
© Фото / предоставлено Ольгой ЖердевойБагбан: бул иш биздин үй-бүлөлүк бизнес болуп эсептелет. Ошондуктан узак жылдан бери талаада эмгектенип жүргөндүктөн жумушта баарыбыз кызматкербиз, ал жакта тууганчылык, жакындык мамилебиз жок.
Багбан: бул иш биздин үй-бүлөлүк бизнес болуп эсептелет. Ошондуктан узак жылдан бери талаада эмгектенип жүргөндүктөн жумушта баарыбыз кызматкербиз, ал жакта тууганчылык, жакындык мамилебиз жок. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Багбан: бул иш биздин үй-бүлөлүк бизнес болуп эсептелет. Ошондуктан узак жылдан бери талаада эмгектенип жүргөндүктөн жумушта баарыбыз кызматкербиз, ал жакта тууганчылык, жакындык мамилебиз жок.
© Фото / предоставлено Ольгой ЖердевойЖердева: Көбүнчө келишим менен дүңүнөн Казакстан, Россияга жиберебиз, артып калганын Кыргызстандын ичинде сатабыз. Жумушубузда көчөттөрдү кыйыштырып, үрөндөрү менен көбөйтөбүз.
Жердева: Көбүнчө келишим менен дүңүнөн Казакстан, Россияга жиберебиз, артып калганын Кыргызстандын ичинде сатабыз. Жумушубузда көчөттөрдү кыйыштырып, үрөндөрү менен көбөйтөбүз. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Жердева: Көбүнчө келишим менен дүңүнөн Казакстан, Россияга жиберебиз, артып калганын Кыргызстандын ичинде сатабыз. Жумушубузда көчөттөрдү кыйыштырып, үрөндөрү менен көбөйтөбүз.
1/5
Жердева: Биздин ата-бабаларыбыз XIX кылымдын аягында эле Кыргызстанга көчүп келишкен. Алар араба менен үч жыл жол жүрүп алманын көчөттөрүн Россиянын борбордук бөлүгүнөн азыркы Кыргызстанга алып келип тиккен экен.
2/5
Жердева: Жыл сайын өсүмдүктөрдүн жаңы 50дөн ашык түрүн алып келип өстүрүп, бизде кандай өсө турганын текшерип, экономикалык жагын изилдейбиз.
3/5
Ольга Жердева: Жолдошум экөөбүз баштаган ишти азыр үч уулум келинчеги жана балдары болуп кол кабыш кылып улантып жатышат. Небере, чөбөрөлөрүм кичинекей болсо дагы аралашып жүрүшөт.
4/5
Багбан: бул иш биздин үй-бүлөлүк бизнес болуп эсептелет. Ошондуктан узак жылдан бери талаада эмгектенип жүргөндүктөн жумушта баарыбыз кызматкербиз, ал жакта тууганчылык, жакындык мамилебиз жок.
5/5
Жердева: Көбүнчө келишим менен дүңүнөн Казакстан, Россияга жиберебиз, артып калганын Кыргызстандын ичинде сатабыз. Жумушубузда көчөттөрдү кыйыштырып, үрөндөрү менен көбөйтөбүз.

— Бала-бакыраңыз, небере-чөбөрөлөрүңүз сиздер баштаган ишти улантып жатышабы?

— Алар андан башка эмне кылышат. Жолдошум экөөбүз баштаган ишти азыр үч уулум келинчеги жана балдары болуп кол кабыш кылып улантып жатышат. Небере, чөбөрөлөрүм кичинекей болсо дагы аралашып жүрүшөт. Анткени бул иш биздин үй-бүлөлүк бизнес болуп эсептелет. Ошондуктан узак жылдан бери талаада эмгектенип жүргөндүктөн жумушта баарыбыз кызматкербиз, ал жакта тууганчылык, жакындык мамилебиз жок. Ал эми үйдө эне-бала болуп калабыз. Ишибиз ошончолук жоопкерчиликти жана тактыкты талап кылат.

— Сиздер гүл, мөмөлүү декоративдүү өсүмдүктөрдүн көчөтүн сатып киреше табат экенсиздер. Даяр продукция кайсы мамлекеттерге кетет?

— Көбүнчө келишим менен дүңүнөн Казакстан, Россияга жиберебиз, артып калганын Кыргызстандын ичинде сатабыз. Жумушубузда көчөттөрдү кыйыштырып, үрөндөрү менен көбөйтөбүз. Ошол процессти каалоочулар келип көрө алышат. Буга чейин бизге казакстандыктар кайрылган. Союз маалында венгер жараны казак кызына үйлөнүп, Алматы шаарында сирень багын түптөшкөн экен. Кийин алар улгайып, өсүмдүктөр каралбай калыптыр. Жардам сурап, ал жактагы сирендин 70тен ашык түрүн сактап калыш керек болуп жатат деп бизге алып келишкен. Биз өзүбүздүн тажрыйбаны колдонуп көбөйтүп алдык. Эми алардан Бишкекте өзүнчө эле сирень аллеясын негиздесек болот.

© Фото / предоставлено Ольгой ЖердевойБагбан: Жерди токой чарбасынан 49 жылга ижарага алганбыз. Башында ал жер таштак, колдонулбай жаткан аянт болчу. Бирок жанында суу агып турар эле. Жалпы аянты 25 гектар жерди колдонуп жатканыбызга быйыл 20 жыл болду. Бакчабызга мал кирбесин деп тегерегине бак-дарак тигип коруп салганбыз.
Розанын 750, сирендин 70тен ашык түрүн өстүргөн үй-бүлө. Багбан менен маек - Sputnik Кыргызстан
Багбан: Жерди токой чарбасынан 49 жылга ижарага алганбыз. Башында ал жер таштак, колдонулбай жаткан аянт болчу. Бирок жанында суу агып турар эле. Жалпы аянты 25 гектар жерди колдонуп жатканыбызга быйыл 20 жыл болду. Бакчабызга мал кирбесин деп тегерегине бак-дарак тигип коруп салганбыз.

— Розанын эле 750 түрү бар экен, аларды кантип айырмалайсыздар?

— Ишибиз өтө жоопкерчиликтүү. Эгер биз чет мамлекеттен буюртма берип жаңы гүл алып келсек, биринчи жылы өстүрүп, кийинки жылы кыйыштырып кайра отургузабыз. Ар бирине код коюп, этикетка илебиз. Ошол иштердин баары кылдаттыкты талап кылат. Себеби чет өлкөлүк сатып алуучуларыбыз фитосанитардык кагаздарды, сорттун шайкештиги боюнча сертификатты талап кылышат. Биз антип иштебесек кардарларыбызды жоготуп алабыз. Бакчабыздагы ар бир өсүмдүктүн бир нече жыл өсүшүн, андагы жалбырактардын саны, гүлүнүн өңүнө чейин көз салып турабыз. Жадагалса гүлдүн желекчесине чейин санайбыз.

© Фото / предоставлено Ольгой ЖердевойЖердева: Бакчабызда розанын эле 750, декоративдүү өсүмдүктөрдүн 100гө жакын, жалбырактуунун 25, тикенек жалбырактуулардын 40тай түрүн өстүрөбүз. Андан сырткары, алма, карагаттын ондогон түрү бар.
Розанын 750, сирендин 70тен ашык түрүн өстүргөн үй-бүлө. Багбан менен маек - Sputnik Кыргызстан
Жердева: Бакчабызда розанын эле 750, декоративдүү өсүмдүктөрдүн 100гө жакын, жалбырактуунун 25, тикенек жалбырактуулардын 40тай түрүн өстүрөбүз. Андан сырткары, алма, карагаттын ондогон түрү бар.

— Жыты аңкып, көз жоосун алган кооз жайда иштөө рахат болсо керек?

— Ооба. Мисалы, жайында сирендер гүлдөгөндө анын жыты 400 метр алыстыктагы автоунаа жолуна чейин жетет. Өзгөчө таңга маал жана кечкурун укмуш болот. Андагы сезимдерди сөз менен айта албайсың. Кээде жумушчулар аңкыган жытына арбалып иштен кеткиси келбей калат. Адам гүл, өсүмдүктөрдүн жытына көнүп калат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0