Чыңгыз Эсенгул уулунун эгизи Кундуз: экөөбүз тең милиционер болууну самачубуз

© Фото / Глеб ЗуевӨкмөттүн маалымат кызматынын мурунку жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов. Архив
Өкмөттүн маалымат кызматынын мурунку жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элибиз эзелтеден эле эгиздерге өзгөчө мамиле жасап, ал тургай аларга карата ар кандай ырым-жырымдарды да колдонуп келген.

Кээде эгиздердин бири коомчулукка белгилүү болсо, айрым учурда экөө тең ар тармакта ийгиликке жетишип, таанымал эгиздер атыгышат.

Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы өкмөттүн маалымат кызматынын мурунку жетекчиси Чыңгыз Эсенгуловдун эгизи Кундуз Эсенгул кызы менен баарлашты. Кундуз учурда Нарында жашайт, кесиби боюнча юрист. Жолдошу менен эки уулду тарбиялап, аларга татыктуу тарбия берип келишет.

— Чыңгыз Эсенгулов коомчулукка белгилүү адам. Ал адамдын эгизи бар экенин көбү билбесе керек. Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Мен 1987-жылы Нарын шаарында туулуп-өскөм. Кийин беш жашымда Бишкекке көчүп кеткенбиз. Бирок 8-классымда кайрадан Нарындагы орто мектепте окудум. Себеби эжеме кол кабыш кылууга туура келди. Улуу эжем ошол учурда турмушка чыгып, жаш аялмет эле. Кийин 9-класстын базасы менен юридикалык колледжде билим алдым. Аны бүтөрүм менен эле Юридикалык академияга тапшыргам. Кесибим боюнча юристмин. Азыр Нарын шаардык сотунда судьянын катчысы болуп иштейм.

© Sputnik / Жоомарт УраимовКундуз Эсенгул кызы: Мен эгизим менен абдан сыймыктанам. Биздин атабыз кичинебизде эле каза болуп калган. Ошол себептен Чыңгызды бир эсе агамдай, бир эсе атамдай көрөм.
Чыңгыз Эсенгул уулунун эгизи Кундуз: экөөбүз тең милиционер болууну самачубуз - Sputnik Кыргызстан
Кундуз Эсенгул кызы: Мен эгизим менен абдан сыймыктанам. Биздин атабыз кичинебизде эле каза болуп калган. Ошол себептен Чыңгызды бир эсе агамдай, бир эсе атамдай көрөм.

— Үй-бүлөңүз менен Нарында жашайт турбайсызбы?

— Ооба. Жолдошумдун кесиби электрик. Азыр ушул тармакта башкы көзөмөлдөөчү болуп эмгектенет. Мектепте окуган эки уулубуз бар. Экөөбүз 2007-жылы Самара шаарынан таанышып, кийин Кыргызстанга келип баш коштук. Кайра Россияга барып беш жыл жашап, жолдошум жалгыз бала болгондуктан Нарынга келүүгө туура келген.

© Фото / из личного архива Кундуз ЭсенгуловойЧыңгыз Эсенгулов эгизи Кундуз Эсенгул кызы жана апасы менен
Чыңгыз Эсенгул уулунун эгизи Кундуз: экөөбүз тең милиционер болууну самачубуз - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Эсенгулов эгизи Кундуз Эсенгул кызы жана апасы менен

— Эми эгизиңиз тууралуу сүйлөшсөк. Эгиздин түгөйү болгон жакшыбы?

— Ооба, жакшы. Мен эгизим менен абдан сыймыктанам. Биздин атабыз кичинебизде эле каза болуп калган. Ошол себептен Чыңгызды бир эсе агамдай, бир эсе атамдай көрөм.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧыңгыз менен Кундуздун ортосу 15 мүнөт. Биринчи болуп жарыкка Чыңгыз келген.
Чыңгыз Эсенгул уулунун эгизи Кундуз: экөөбүз тең милиционер болууну самачубуз - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз менен Кундуздун ортосу 15 мүнөт. Биринчи болуп жарыкка Чыңгыз келген.

— Азыр да жакынсыздарбы? Дегеним, эки башка бүлө куруп, өз түйшүгүңөр бар дегендей...

— Ооба, башка бир туугандарыбызга караганда экөөбүз аябай жакын болуп калдык. Сырдашабыз. Мен Бишкекке барганда сөз жок Чыңгыздыкына барам. Ошол жакта болом. Анын үстүнө апам да уулунун колунда. Биздин үйдө Чыңгыз жалгыз уул бала болгондуктан ага таянам. Анын үстүнө төрөт убагында экөөбүздүн ортобузда 15 мүнөт айырма болуп, ал менден биринчи төрөлүптүр. Мага байке дагы, атанын ордуна ата да болуп, ушу күнгө чейин жанымда жүрөт. Кадимкидей эле атама эркелегендей эркелейм. Чыңгыз ажыга барган кезде эмнегедир менде да абдан жагымдуу сезимдер болгон. Ал кезде мен Россияда элем. Меккеден мага видео аркылуу байланышып "мына, Меккеде жүрөм" деп сүйүнүп көргөзгөн эле. Ошол сезимдер эсимде, мен да кошо баргандай болгом. Чыңгызды материалдык болбосо да моралдык жактан дайыма колдогонго аракет кылып келем.

© Фото / из личного архива Кундуз ЭсенгуловойЧыңгыз Эсенгуловдун эгизи Кундуз Эсенгул кызы менен
Чыңгыз Эсенгул уулунун эгизи Кундуз: экөөбүз тең милиционер болууну самачубуз - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Эсенгуловдун эгизи Кундуз Эсенгул кызы менен

— Кичинеңерде чогуу ойноп, издешкен жакын белеңер же кадимки бир туугандардай эле өстүңөрбү?

— Албетте, кичинекей кезде урушкан учурлар көп эле болот. Ойноп жатып урушасың, кайра табышасың. Чыңгыз өзү абдан ак көңүл. Бирөөгө көп таарынбайт. Же бат эле жазылып кетет. Экөөбүз 6-класска чейин бир класста окудук. Апабыз Россияда иштегендиктен, 6-классты ошол жактан окуганбыз. Андан кийин Нарынга кетип калдык. Чыңгыз Нарындагы Кыргыз-түрк лицейинде окуду. Жогоруда айткандай, биз 1-класста окуп жүргөндө эле атабыз каза болуп калган. Апам жалгыз өзү беш баланы тарбиялап, жогорку билим берди. Бизди ушул даражага жеткирген ошол киши. Апам билими боюнча биолог болгондуктан Нарындагы медициналык окуу жайда сабак берчү. Бирок турмуш шартка байланыштуу кийин Россияга барып соода кылып жүрдү. Кичинекей кезибизде Чыңгыз экөөбүз бир бала бакчага барып, чогуу ойноп, жетелешип чоңойдук. Мен ооруп калсам, Чыңгыз да ооруп калчу. Же тескерисинче болчу. Ортодо кандайдыр бир байланыш бар, башка бир туугандарыңа караганда, баары бир өзгөчө жакындык болот экен. Чыңгыз Бишкекте жүрүп ичинен кыжалат болуп жатса, мен да сезем. Кадимкидей өзүмчө жаман боло берем.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЧыңгыз Эсенгулов буга чейин өкмөттүн маалымат кызматын жетектеп келген
Чыңгыз Эсенгул уулунун эгизи Кундуз: экөөбүз тең милиционер болууну самачубуз - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Эсенгулов буга чейин өкмөттүн маалымат кызматын жетектеп келген

— Кесип тандоого келгенде эмне түрткү берди. Кандайча тандап калдыңыздар?

— Чыңгыз кичинесинен эле музыкага жакын болчу. Ал кезде "Ямаха" алуу кыял эле да. Жыгач рейкага "Ямаханын" сүрөтүн тартып алып эле черте берчү. Бизге "Руки вверхтин" ырларын ырдап, концерт да коюп берген учурлары болгон. Бирок экөөбүз тең чоңойгондо милиция кызматкери болууну самачубуз. Кийин ал Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде окуп, мен апамдын сунушу менен юридикалык жогорку билимге ээ болдум. Апам "сен юрист болууга татыктуусуң, юрист же сот болгонуңду көргүм келет" деп айткандыктан, мен ушул кесипти тандап кеткем. Чыңгыз жөндөмүнө жараша журналистика айдыңында эмгектенип калды.

© Фото / из личного архива Кундуз ЭсенгуловойКундуз Эсенгул кызы: Чыңгыз кичинесинен эле музыкага жакын болчу. Ал кезде "Ямаха" алуу кыял эле да. Жыгач рейкага "Ямаханын" сүрөтүн тартып алып эле черте берчү. Бизге "Руки вверхтин" ырларын ырдап, концерт да коюп берген учурлары болгон.
Чыңгыз Эсенгул уулунун эгизи Кундуз: экөөбүз тең милиционер болууну самачубуз - Sputnik Кыргызстан
Кундуз Эсенгул кызы: Чыңгыз кичинесинен эле музыкага жакын болчу. Ал кезде "Ямаха" алуу кыял эле да. Жыгач рейкага "Ямаханын" сүрөтүн тартып алып эле черте берчү. Бизге "Руки вверхтин" ырларын ырдап, концерт да коюп берген учурлары болгон.

— Тукумунда эгиз болгондо гана эгиз төрөлөт дешет го...

— Атамдын таенеси эгиз төрөгөн экен. Келечекте бизде да эгиз болор деп күтөбүз. Менин үй-бүлөмдө же Чыңгызда, мүмкүн эжелерибиздин үйүндө эгиз бөбөктөр төрөлүп калар .

Жаңылыктар түрмөгү
0