Бүгүн да Конституцияны өзгөртүүгө каршы жүрүш болду. Видео

© REUTERS / VASILY FEDOSENKOКаршылык акциясын мүчөлөрү. Архив
Каршылык акциясын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинин жанына чогулуп, Эркиндик бульвары менен борбордук "Ала-Тоо" аянтына келишти.

БИШКЕК, 29-ноя. – Sputnik. Бишкекте Конституцияны өзгөртүүгө каршы жекшембидеги экинчи тынчтык жүрүшү өтүп жатат.

Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинин жанына чогулуп, Эркиндик бульвары менен борбордук "Ала-Тоо" аянтына келишти. Жүрүштүн алкагында "Референдум өтпөсүн!", "Хандык бийликке жол берилбесин!" деген тариздеги лозунгдарды кыйкырып басышты.

Жүрүштүн видеосу "Короче" Telegram каналына жүктөлгөн.

Акцияга жүздөн ашуун адам катышканын байкоого болот. Алар Конституция өзгөртүлсө бийлик бир колго топтолуп каларын белгилешүүдө. Ошондой эле референдум өткөрүүгө караманча каршы болуп жатышат.

Белгилей кетсек, ушундай эле жүрүш мурдагы жекшембиде дагы өткөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0