Жашоомдо жар болчу адам пайда боло элек. Закирбек Дүйшөнбек уулунун маеги

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомузчу, музыкант Закирбек Дуйшонбек уулу
Комузчу, музыкант Закирбек Дуйшонбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Закирбек Дүйшөнбек уулу  көпчүлүккө таланттуу комузчу катары таанымал. Бирок анын башка дагы өнөрлөрү арбын.

Бүгүн комузчу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп, алдыга койгон пландары, жеке турмушу жана алектенген спорту тууралуу айтып берди.

— Закирбек, күү аткаруу чеберчилигиңиз күчтүү. Кооздоп, жаңы боек берип, публиканын бүйүрүн кызыта чертесиз. Элге абдан жагат. Бирок ошол учурларда оригиналдан алыстап кетпейсизби?

— Андай учурлар болот. Бир эле күүнүн 3-4 вариантын чертем. Мисалы, Карамолдонун күүлөрүн Ыбырай, Шекербек же Атай черткенде ар бири ар башкача аткарган. Мүмкүнчүлүк болсо, каалоо тартып турса ар бирөөнүн вариантын үйрөнүп кое беребиз. Кээде баарынан эң жакшы жерлерин кошуп, аралаштырып ойнойбуз.

© Фото / Руслан АртыкбаевЗакирбек комузчулуктан тышкары балык уулоого кызыгат. Айтканына караганда бул өнөрдүн да бир топ түйшүгү бар.
Жашоомдо жар болчу адам пайда боло элек. Закирбек Дүйшөнбек уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Закирбек комузчулуктан тышкары балык уулоого кызыгат. Айтканына караганда бул өнөрдүн да бир топ түйшүгү бар.

Негизи бир жерге жазылып калган күүлөрдү өзгөрткүң келбей, өзүндөй ойнойсуң. Ал эми кулактан кулакка өткөн күүлөр оригиналынан чыгып, ар кандай ойнолуп калат. Кошуп салдың, алып салдың дегендер болот. Мен муну минтип түшүндүрөм: дарыя кылымдар бою бир нук менен агат. Бирок мезгилге, аба ырайына, суунун көп же аздыгына жараша ар кайсы жактан ар кандай толкуп коюшу мүмкүн. Күү деле ошондой, ар бир аткаруучу ар кандай аткарат. Мен ушундай түшүнөм.

— Кол ойнотулбаган кара күүлөрдү чертүүдөн деле рахат аласызбы?

— Албетте. Күү деле ыр же кара сөз менен жазылган адабий чыгарма сыяктуу айтайын деген нерсеси, терең мааниси бар. Комуз чертип жатканда, ошону угарманга бериш үчүн комузчудан бир топ аракет, энергия талап кылынат. Сүйлөп берип жаткан сыяктуу берилишиң керек.

— Кара жумуш колдун шыгын кетирбейби?

Төкмө акын, кытайлык кыргыз Акмат Султан  - Sputnik Кыргызстан
Эл өлкө эмес өз камын ойлойт экен. Кытайлык кыргыз акын Акмат Султандын маеги
— Башка жумуш менен көпкө алек болуп, комузду чертпей калса кол катыйт, анысы чын. Өзүм жөнүндө айтсам, эркек болгондон кийин үй тиричилигиние тиешелүү иштер болот, мык кагып, отун жарып дегендей. Анын баарын кыла берем, болгону маал-маалы менен комузду колго алып, чертип туруу керек. Колду аяп отура берген дагы жарабайт.

— Комузду кантип тандайсыз?

— Эң биринчи кайсы уста чапканына карайм. Ар бир устанын өзгөчөлүгү бар, мисалы, айрымдарынын колунан жакшы комуз көп чыга бербейт. Бирок ай-жылында бир мыкты комуз чаап коюшат. Андан кийин жасалган материалы маанилүү. Комуз жагып калса, өзүмдө бар, жетет дебей алып кое берем. Кыздар жылтыр-жултурдан баш тарта албагандай, мен дагы жакшы комуз көрүнсө ала берем.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗакирбек комузчу: Негизи бир жерге жазылып калган күүлөрдү өзгөрткүң келбей, өзүндөй ойнойсуң. Ал эми кулактан кулакка өткөн күүлөр оригиналынан чыгып, ар кандай ойнолуп калат. Кошуп салдың, алып салдың дегендер болот
Жашоомдо жар болчу адам пайда боло элек. Закирбек Дүйшөнбек уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Закирбек комузчу: Негизи бир жерге жазылып калган күүлөрдү өзгөрткүң келбей, өзүндөй ойнойсуң. Ал эми кулактан кулакка өткөн күүлөр оригиналынан чыгып, ар кандай ойнолуп калат. Кошуп салдың, алып салдың дегендер болот

— Усталар деп калдыңыз, өзүңүздө устачылык талант барбы?

— Ошол жагынан изденип көрүүнү чечтим. Ринат деген комузчу досум бар, ошол экөөбүз өзүбүз комуз чаап көрөлү деп жыгач кургата баштадык. Албетте усталар кыйын, бирок үндү уга билиш өтө татаал. Өзүбүз комузчу болгондон кийин кайсы жери кандай болсо, үнү жакшы чыгарын жакшы билебиз. Ошол артыкчылыгыбыз жардам болот деп үмүттөнүп жатабыз.

— Кесипкөйлөр колдонгон комуздар канча турат?

— 10-15 миң сомдон башталат. Өзгөчө бир комузум бар, кичинекей. Аны скрипка жана комуз жасаган, колунан көөрү төгүлгөн уста Турат Акуновдон 40 миң сомго сатып алгам. Өзгөчө дегеним, өзүнчө тарыхы бар. Турат аба келинчеги кош бойлуу кезинде курсактагы баласына арнап чааптыр, кооздоп, кол өнөрчүлүгүн кошуп, сүйүүсүн арнаганы көрүнүп турат. Бир жолу устаканасына барсам, чертип көрчү деп берди. Мага абдан жакты, үнү кубулжуган, колго элпек экен. Мага сатыңыз десем, "сатылбайт, уулума арнап чаптым эле" деп калды. Уулуңуз чертеби деп сурап да ийдим. Көрсө, баласы энесинин боюнан түшүп калган экен. Мен баланын багы ачылбаптыр, эми ушул комуздуку ачылсын. Мен кайда барсам алып жүрөм деп сатып алгам.

— Комузуңузду башкаларга карматмай коймоюңуз жокпу?

— Мен ырымчыл эмесмин, буюмду аяй бербейм. Черте алам деген кишиге берем. Көрсүн, анын эмнеси жаман?

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗакирбек Дүйшөнбек уулу: Ринат деген комузчу досум бар, ошол экөөбүз өзүбүз комуз чаап көрөлү деп жыгач кургата баштадык. Албетте усталар кыйын, бирок үндү уга билиш өтө татаал. Өзүбүз комузчу болгондон кийин кайсы жери кандай болсо, үнү жакшы чыгарын жакшы билебиз
Жашоомдо жар болчу адам пайда боло элек. Закирбек Дүйшөнбек уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Закирбек Дүйшөнбек уулу: Ринат деген комузчу досум бар, ошол экөөбүз өзүбүз комуз чаап көрөлү деп жыгач кургата баштадык. Албетте усталар кыйын, бирок үндү уга билиш өтө татаал. Өзүбүз комузчу болгондон кийин кайсы жери кандай болсо, үнү жакшы чыгарын жакшы билебиз

— Негизи комуздарды кантип сактайсыз?

— Жыгач болгондуктан нымды бат сиңирип алчу зат. Андыктан үйдө кургак жерде сактоо керек. Мисалы, шыпка жакыныраак жерлерде, бурчтарда ным көп болот. Бул аспапты 18-20 градустагы бөлмөдө кармаган туура. Айрымдар аны жыгылып кетпесин деп бурчка жөлөп коюшат, бул туура эмес. Комуз билинбегени менен жөлөгөндө акырындан күч келип, ийиле берет. Ал эми ийилген комуздун үнү өзгөрөт.

— Бул кеңешиңиздин кимдир бирөөлөргө пайдасы тийип калар. Закирбек, азыр дүйнө өзгөрдү, музыка, негизи эле чыгармачылыкта жеңил нерселерге басым жасап калдык. Ушундай учурда комузду алып жүрүүнүн түйшүгү болсо керек?

Известный манасчи Доолот Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Дөөлөт Сыдыков: аянтта манас айтууга бир күн калганда тамакты токтоттум
— Ооба, көпчүлүк жеңил-желпиге качырып калды, мунун баары адамдын табитинен. Бара-бара табиттин начардыгы адамдын жашоосуна, андан ары коомдун, мамлекеттин турмушуна, анын өнүгүүсүнө кесепетин тийгизет, тйгизип да жатат. Менимче, мамлекетти өзгөртүү үчүн ички маданиятыбызды, табитибизди өстүрүшүбүз керек. Дүйнөдө айрым адамдар бизге керемет сезилген нерселерди жасап жатышат. Демек адамдын колунан келбей турган, адам үчүн өтө татаал нерсе жок.

— Ошол жеңил-желпилердин арасынан уккан музыкаңыз барбы?

— Атайылап музыка укпайм. Жумуш катары, үлгү керек болсо гана тыңшайм. Бирок эс алып, ырахат алуу үчүн эмес.

— Анда кандай китептерди окуйсуз?

— Бир сырым бар — китеп деле окубайм. Тарых жана адабият тууралуу сүйлөшүп отурганда кайсы китептерди окуйсуң деп сурап калышат. Мен китеп окубайм, андан көрө китепти көп окуган кишилер менен сүйлөшкөнүм жакшы деп айтам. Көп нерсе билген кишилер менен баарлашканды жакшы көрөм, китеп окуунун оңой жолу ошол болсо керек (күлүп).

© Фото / Руслан АртыкбаевЗакирбек комузчу: Кыргызстанда форель кармагандардын бирикмелери бар. Аларда алдыңкы балыкчылардын катарына кирем деп мактана кетейин.
Жашоомдо жар болчу адам пайда боло элек. Закирбек Дүйшөнбек уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Закирбек комузчу: Кыргызстанда форель кармагандардын бирикмелери бар. Аларда алдыңкы балыкчылардын катарына кирем деп мактана кетейин.

— Кантип эс аласыз?

— Балык кармаганды жакшы көрөм. Бирок  бирок уулоо үчүн Бишкектин тегерегиндеги көлчүктөрдөгү балыкты эмес, туулуп-өскөн жерим Суусамырга барам. Ал жакта балык көп, суусу таза.

— Тоонун суусунан балык кармоонун өз ыкмасы бар да?

Акын Элмирбек Иманалиев  - Sputnik Кыргызстан
Буулуккан булут болдум мен... Эрте кеткен Элмирбек акындын ичти эңшерген баяны
— Ооба, көп нерсе балыктын түрүнөн көз каранды. Мисалы, ак балык деп коет, тиши жок, суудагы майда жандыктар менен тамактанган, тынчтыкты сүйгөн балык. Аларды кармоонун ыкмасы башка. Бирок көпчүлүктү дүйнөдө өтө бааланган форель балыгы кызыктырса керек. Аларды кармаганда, балыкчылар жакшы билет, воблер, блесна деген балыктарды кызыктыруучу каражаттарды колдоном. Анда отурбайсың, ары-бери чуркап жүрөсүң. Буга кызыкканыма көп жыл болду. Кыргызстанда форель кармагандардын бирикмелери бар. Аларда алдыңкы балыкчылардын катарына кирем деп мактана кетейин.

— Анда балыкты жакшы бышырсаңыз керек?

— Чыгармачыл адамда тамак жасаганда дагы фантазия күчтүү болот экен. Бардык түрлөрүн жасай алам.

— Спорт менен машыгасызбы?

— Таэквондо менен тогуз жыл машыккам. Бардык курлардын ээси болгом. Курлардан жогору дандар бар. Эң жогоркусу — тогузунчу дан. Мен экинчисин багындыргам. Бирок андан соң колумду кокустатып алып, бул спорттон кетүүгө туура келди.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗакирбек Дүйшөнбек уулу: Жараткан маңдайыма жазган нерсени көрөм да. Ооба, чыгармачылыгым баалуу, бирок мен эч нерсеге баш-отум менен кирбейм, сөзсүз чек коем
Жашоомдо жар болчу адам пайда боло элек. Закирбек Дүйшөнбек уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Закирбек Дүйшөнбек уулу: Жараткан маңдайыма жазган нерсени көрөм да. Ооба, чыгармачылыгым баалуу, бирок мен эч нерсеге баш-отум менен кирбейм, сөзсүз чек коем

— Маектин аягында жеке турмушуңуз тууралуу айтып берсеңиз. Азыр башыңыз бош экенин билебиз, жашооңузда жар болчу адам кезиге элекпи?

— Жок, азырынча эч ким пайда боло элек. Жаңы турмуш тууралуу ойлонгон, шашкан жокмун.

— Бир маегиңизде чыгармачылык менин жашоом деп айткан экенсиз. Өзүңүздү чыгармачылыкка арнап коюп, жеке турмуш калып калат деген коркунуч жокпу?

— Антип коркпойм. Жараткан маңдайыма жазган нерсени көрөм да. Ооба, чыгармачылыгым баалуу, бирок мен эч нерсеге баш-отум менен кирбейм, сөзсүз чек коем.

Жаңылыктар түрмөгү
0