БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда кечээтен бери 456 адам коронавирус жуктуруп, 382 бейтап айыгып чыгарылган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы учурлар:
- Бишкек - 110;
- Ош - 10;
- Чүй облусу – 101;
- Ош облусу - 34;
- Талас облусу - 24;
- Нарын облусу - 8;
- Ысык-Көл облусу – 37;
- Жалал-Абад облусу – 102;
- Баткен облусу - 30.
Ал эми айыккандар боюнча маалымат төмөнкүдөй:
- Бишкек – 116;
- Ош шаары – 18;
- Чүй облусу – 65;
- Ош облусу – 50;
- Талас облусу – 9;
- Нарын облусу – 13;
- Ысык-Көл облусу – 43;
- Жалал-Абад облусу – 55;
- Баткен облусу – 13.
Ушуну менен өлкө аймагында вирус илештирип алгандардын жалпы саны 72 427 болсо, анын ичинен 63 789 киши айыгып чыкты. Дагы төрт бейтап каза таап, көз жумгандар жалпысынан 1 266 болду.