БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Эмне себептен айрым адамдар коомдо мурдатан бери бар же жаңы киргизилген эрежелерди кармануудан баш тартып, аны атайылап бузушарын РИА Новости агенттигине психиатр Павел Алфимов айтып берген.
Журналист андан пандемия учурунда айрым кишилер бет кап тагынбай, карантиндик чектөөлөрдү атайылап бузушуна эмне себеп болорун сураган.
Адистин пикиринде, буга эки нерсе себеп болушу мүмкүн.
"Биринчиси, бала кезден калыптанган мүнөз, тарбия, түшүнүктөр. Мисалы, ата-энеси коомдук эрежелерди көп аткарышкан эмес. Демек, адамда аткарбай деле койсо болот деген түшүнүк пайда болгон. Аны азыр оңдоо өтө татаал", — деди дарыгер.
Ал эми экинчи себеби — адамдын бийликке, башкаруучуларга ишенбестиги.
Ал мындай топтогу кишилерге кайсы бир эрежеге каршы чыгардан мурда жакшылап ойлонуп көрүүнү сунуштайт. Анткени бир адамдын туура эмес чечими өзүнүн эле жакындарынын, кесиптештеринин, тааныштарынын өмүрүнө, ден соолугуна, коопсуздугуна залакасын тийгизип коюшу ыктымал.
Ошондой эле адис коомдук тартипти бузуу — эч качан адамды башкалардан өйдө, өзгөчө кылбай турганын кошумчалады.