УКМК Жапаровдун тарапташтары коркутуп жатат делген маалыматка көңүл бурду

© Sputnik / Табылды КадырбековСадыр Жапаровдун тарапташтары митинг учурунда. Архив
Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коркутуулар боюнча Жарандык көзөмөл комитетинин активисттери билдиришкен. Алардын айтымында, Жапаровдун тарапташтары конституциялык реформага каршы пикирин айткан коомдук ишмерлерди коркутуп жатышат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтары делген адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат деген маалыматка реакция кылды.

Коркутуулар боюнча Жарандык көзөмөл комитетинин активисттери билдиришкен. Алардын айтымында, Жапаровдун тарапташтары Конституциялык реформага каршы пикирин айткан коомдук ишмерлерди коркутуп жатышат. Активисттер мындай фактыларды жаздырып алып, укук коргоо органдарына кайрылууга чакырышкан.

"УКМК өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык тараптарды кызматташууга чакырат. Ал үчүн кандайдыр бир коркутууга дуушар болгондор далили менен укук коргоо органдарына кайрылуусу керек. Комитет чагымчылдык маалыматтарды тараткан жарандар мыйзам чегинде жооп берерин эскертет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, УКМК президенттикке талапкер болууга аракет кылып, бирок соттуулугу жоюлбагандыгы үчүн документтери кайтарылган Бектур Асановдун билдирүүсүнө баа берди.

Анда "Асанов эмоцияга алдырып, социалдык тармактын айрым колдонуучуларынын беделине шек келтирди, бул үчүн жоопкерчилиги каралышы мүмкүн" деп жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0