Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарында Алишер Навои көчөсүндөгү "Достук" көпүрөсүндө 28-ноябрь күнү жааган кардан улам суу топтолуп, унаа тыгыны пайда болду
Ош шаарында Алишер Навои көчөсүндөгү Достук көпүрөсүндө 28-ноябрь күнү жааган кардан улам суу топтолуп, унаа тыгыны пайда болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлери көпүрөдөгү сууну көпүрөнүн астындагы "Ак-Буура" дарыясына агызып салуу аракеттерин көрүп жатышат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ош шаарында Алишер Навои көчөсүндөгү "Достук" көпүрөсүндө 28-ноябрь күнү жааган кардан улам суу топтолуп, унаа тыгыны пайда болду. Сууну азайтуу үчүн жеринде "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иштеп жатканын Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

"Учурда аталган көпүрө аркылуу Абсамат Масалиев жана Ленин көчөлөрүнө чыгуучу жолдо унаа тыгыны жаралды. "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин айтымында, көпүрөгө коюлган суу түтүктөрүнүн көлөмү кичине болгондуктан суу дарыяга түшпөй көпүрөгө топтолуп калган", — деди кабарчы.

Ушул тапта кызматкерлер көпүрөдөгү сууну көпүрөнүн астындагы "Ак-Буура" дарыясына агызып салуу аракеттерин көрүп жатышат.

Эске салсак, Ошто бул эстакадалык көпүрө 2015-жылы колдонууга берилген. Көпүрөнүн узундугу 265 метр, автомобиль кыймылы төрт тилке менен жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0