COVID-19 дагы алты кыргызстандыктын өмүрүн алды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус башталгандан бери андан каза болгондордун саны 1 262ге жетти. Акыркы күндөрү өмүрү менен кош айтышкандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары болуп жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан алты адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирмеге караганда, каза болгондордун үчөө Бишкек шаарынан жана Ош облусунан бирөө, Чүй облусунан бирөө, Нарын облусунан бирөө болгон. Ошону менен көз жумгандардын жалпы саны 1 262ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 2 869 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 109 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Ооруканада жаткандар:

  • 52 — канааттандырарлык абалда;
  • 1958 — орто оор;
  • 750 — оор;
  • 109 — өтө оор абалда.

Ал эми 3 262 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0