БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 423 кишиден табылып, 461 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары – 130;
- Ош шаары – 16;
- Чүй облусу – 102;
- Ош облусу – 35;
- Талас облусу – 17;
- Нарын облусу – 11;
- Ысык-Көл облусу – 33;
- Жалал-Абад облусу – 50;
- Баткен облусу – 29.
Айыккандар:
- Бишкек шаары – 128;
- Ош шаары – 26;
- Чүй облусу – 78;
- Ош облусу – 53;
- Талас облусу – 25;
- Нарын облусу – 8;
- Ысык-Көл облусу – 29;
- Жалал-Абад облусу – 61;
- Баткен облусу – 53.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 71 971 болду. Анын ичинен 63 407 бейтап айыккан. Кечээ дагы алты адам каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 1 262ге жетти.
Бир сутка ичинде 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Алар:
- Бишкек шаарында – 6;
- Чүй облусунда – 3;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 1 (кызыл зонадан);
Ал эми бир суткада стационардан үч, үй карантининен сегиз медкызматкер чыгарылган.