Жуктургандар кайрадан көбөйүп жатат. COVID боюнча статистика

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы суткада коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйүп калганын көрүүгө болот. Бир нече күн бою суткасына 300дөн ашык кишиден вирус аныкталып жатса, бүгүн бул көрсөткүч 400дөн ашты.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 423 кишиден табылып, 461 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 130;
  • Ош шаары – 16;
  • Чүй облусу – 102;
  • Ош облусу – 35;
  • Талас облусу – 17;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 33;
  • Жалал-Абад облусу – 50;
  • Баткен облусу – 29.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 128;
  • Ош шаары – 26;
  • Чүй облусу – 78;
  • Ош облусу – 53;
  • Талас облусу – 25;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 61;
  • Баткен облусу – 53.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 71 971 болду. Анын ичинен 63 407 бейтап айыккан. Кечээ дагы алты адам каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 1 262ге жетти.

Бир сутка ичинде 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Алар:

  • Бишкек шаарында – 6;
  • Чүй облусунда – 3;
  • Ош шаарында – 1;
  • Ош облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 1 (кызыл зонадан);

Ал эми бир суткада стационардан үч, үй карантининен сегиз медкызматкер чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0