Орус тили расмий болуп кала берет. Конституциялык кеңешменин чечими

Жазылуу
Кечээ кеңешменин жыйынында мүчөлөрдүн бири Садирдин Төралиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн орус тилинен расмий макамын алып салууну сунуштаган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Конституциялык кеңешме орус тилин расмий тил деген макамдан ажыратуу сунушун четке какты. Бул тууралуу кеңешменин мүчөсү Урмат Аманалиев маалымат жыйында билдирди.

Кечээки чогулушта мүчөлөрдүн бири Садирдин Төралиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн Конституциядан орус тилинин расмий макамын алып салууну сунуштаган. Төралиевди бул үчүн соцтармак сынга алган.

"Орус тили расмий бойдон калды. Буга чейин орус тили расмий деп турган норманы алып салуу сунушталган. Бирок биз ал норманы ошол бойдон калтырдык", — деди Аманалиев.

Артем Новиков депутаттарга кыргыз тилинде сүйлөп кайрылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Артем Новиков депутаттарга кыргыз тилинде сүйлөп кайрылды. Видео
Орус тилинин расмий макамын алып салуу боюнча айтылган сунуш тууралуу кечээ президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов да үн катып, "бул тек гана Садирдин Төралиевдин көз карашы" экенин айтып, кеңешме бул боюнча бир пикирге келет деген ишенимин билдирген.

Ал арада Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий Кыргызстанда орус тилинен расмий тил макамын алып салууну чагымчылдык деп баалаган

Жаңылыктар түрмөгү
0