БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, 27-ноябрь саат 10:00гө карата 13 оорукананын ичинен учурда 12синде 260 орун бар. Ал эми Улуттук хирургия борборунда бош орун калбай калган.
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
- Улуттук хирургия борбору — 0;
- Улуттук госпиталь — 14;
- Улуттук госпиталдын урология борбору — 16;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 2;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 13;
- №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 73;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 28;
- Темир жол ооруканасы — 10;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 14;
- Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 8;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 8;
- Улуттук госпиталдын урология борбору — 14;
- Республикалык наркология борбору — 63.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 71 548 болду. Анын ичинен 62 946 бейтап айыккан. Кечээ дагы беш адам каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 1 256га жетти.