УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарга Камчыбек Ташиевдин ден соолугу начарлап ооруканага түшкөнү боюнча маалымат тараган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү. Бул маалыматты УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, Ташиев учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатат.

"УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев учурда ден соолугуна байланыштуу ооруканада жатат. Абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Тынчсызданууга негиз жок", — деди Сулайманов.

Ташиевдин оорусунун диагнозу жана ооруканага качан жаткырылганы кабарланган жок.

Буга чейин социалдык тармактарга Камчыбек Ташиевдин ден соолугу начарлап ооруканага түшкөнү боюнча маалымат тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0