Үйдөн дагы сөөк чыкпаса экен деп тиленип... Куткаруучу Кубан Кенен уулунун маеги

© Фото / Кубан Кенен уулуСпасатель, старший лейтенант МЧС КР Кубан Кенен уулу
Спасатель, старший лейтенант МЧС КР Кубан Кенен уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучу болуу мырзалар үчүн да оңой иш эмес. Бирде күйгөн, бирде сууга чөккөн, айрым учурда жол кырсыгына кабылган жансыз денелерди да көрүүгө туура келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы куткаруучу, улук лейтенант Кубан Кенен уулу менен маек даярдаган. Куткаруу кызматында издеп-табуу тобунун командири, 29 жаштагы каарманыбыз эки кичинекей кыздын атасы. Ал бүгүн бала кезинен бери самаган кесипте эмгектенүүдө.

— Учурда кызматтык милдетиңиз кандай?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар кызматынын подполковниги Урмат Узбеков - Sputnik Кыргызстан
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
— ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматында издеп-куткаруу тобунун командири болуп эмгектенем. Негизги милдетим — өздүк курамга күжүрмөн даярдык боюнча сабак өткөрүү. Андан тышкары, чакырууларга өзүбүздүн топ менен күжүрмөн даярдыкта туруу жана кырдаалга жараша алдын ала иш-чараларды жүргүзүү. Куткаруучу болуу оор деп эсептейм. Күчтүү, психикалык-моралдык жактан туруктуу адам гана куткаруучу боло алат.

— Бардык эле мырзалардын колунан келбесе керек?

— Ооба, кээ бир адамдар кырсыкты жүрөгүнө жакын кабыл алат. Психикалык жактан алсыз болот. Буларга каткаруучу болуп иштөө кыйын. Анткени адамдардын бирде күйгөнүн, бирде сууга чөгүп кетип кырсыктаганын же ыйлап, ызы-чууга түшкөнүн көрөсүң. Дайыма кан аралаш окуяга күбө болууга туура келет. Бир жолу автоунаа кырсыктап, бир жүргүнчү машинага кыпчылып калыптыр. Аны куткаруу үчүн жан алакетке түшүп иштеп жатканбыз. Чыгаргандан кийин карасам, башыман аягыма чейин канга боёлуп калыптырмын. Бирок мен муну өзүмө жакын алган жокмун. Жуунуп, кийинип алып эле андан ары ишибизди улантып кеттик. Кээ бир адамдар кара күчү жетиштүү болгону менен моралдык-психологиялык жактан алсыз келет. Ушундай окуяларга кабылганда "жок, мен иштей албайт экенмин" деп кетип калгандар да бар. 

© Фото / Кубан Кенен уулу Кубан Кенен уулу: Кээ бир адамдар кырсыкты жүрөгүнө жакын кабыл алат. Психикалык жактан алсыз болот. Буларга каткаруучу болуп иштөө кыйын.
Үйдөн дагы сөөк чыкпаса экен деп тиленип... Куткаруучу Кубан Кенен уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Кубан Кенен уулу: Кээ бир адамдар кырсыкты жүрөгүнө жакын кабыл алат. Психикалык жактан алсыз болот. Буларга каткаруучу болуп иштөө кыйын.

— Куткаруучулук ишке кантип кирип калдыңыз?

— Өзүм ушул кесипти 2013-жылдан бери аркалап келе жатам. Кичинемден эле аскер кызматкери болуп, мекенди коргоп, адамды куткарып калуу тууралуу кыялдана берчүмүн. Негизи форма кийип жүрүүгө аябай кызыгар элем. Бирок атайын билим алып, анан аскердик кызматты аркалоого бир убактарда шарт болгон жок. Ошентсе да көп жерге кирүүгө аракет кылдым. Акыры жүрүп Куткаруу кызматына кирүүгө мүмкүнчүлүк жаралып калып, алгач жөнөкөй эле айдоочу болуп орношком. Ал убакта жаш кез, анын үстүнө кызыгууң артып турганга керек болсо айлыгына деле карачу эмеспиз.

— Айлыгы канча эле?

ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Урматбек Сариев - Sputnik Кыргызстан
Күйгөн адамдын сөөгүн көрүп денем дүрт эткен. Өрт өчүрүүчү Сариевдин видеомаеги
— Ошондо 2010-жылдары маяна үч миң сом болчу. Анткени мен дагы катардагы жарандык жумушчу болуп киргем да. Бирок ошол кезде баскан-турганыма кеткен бир айлык жеке чыгашам кеминде 6-7 миң сом эле. Бирок жумуш абдан жакты. Куткаруучу боло аларыма көзүм жетип, атайын чакыруу менен аскер жаатына өткөм. Ошону менен катар эле сырттан окуп, аскердик билимге ээ болдум. Окууну бүткөндөн кийин улам талапкерлигим сунушталып жатып, жакшы жыйынтыктарды көргөзгөндөн кийин офицердик кызматка отуруп калдым. Ошондон бери офицер болуп иштеп жатам.

— Азыркы маянаңызчы?

— Алгачкыдан алда канча жогору эле. Эми кандай адам болбосун көбүрөөк маяна алууну самайт эмеспи. Бирок куткаруучулар бир гана айлыкка карап иштешпейт. Биз ишибизди жакшы көрөбүз. Кандай гана аба ырайы, кырдаал болбосун күн-түн дебей жардам берүүгө даярбыз.

— Алгачкы куткаруу операцияңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

— Жаңы жумушка орношуп, биринчи нөөмөтүмдө болгон окуя эсимде калган. Жай мезгили болчу. Көл жээгинде иштедик. Нөөмөткө турган күнү атайын эс алуучу жайда эс алып жаткан элге сууга түшүү эрежелерин алдын ала түшүндүрүп турчубуз. Бирок эскертүүлөргө баш ийбеген келин суунун ортосуна чейин сүзүп барып чөгүп кетиптир. Аны дароо куткарып жээкке алып келдик. Биринчи жардамды көрсөтүп жатып келиндин эки баласы бар экенин угуп, эне катары жоопкерчиликсиздигине таң калгам. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРКубан Кенен уулу: Ар бир адам коркунучту ар башкача кабылдайт. Бирөө "мени куткар" деп кыйкырып ыйлап жатса, бирөө шок абалында эч нерсени түшүнбөй, жадагалса сүйлөй албай калат.
Үйдөн дагы сөөк чыкпаса экен деп тиленип... Куткаруучу Кубан Кенен уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Кубан Кенен уулу: Ар бир адам коркунучту ар башкача кабылдайт. Бирөө "мени куткар" деп кыйкырып ыйлап жатса, бирөө шок абалында эч нерсени түшүнбөй, жадагалса сүйлөй албай калат.

— Анан аман калдыбы?

— Ооба. Тез жардам кызматына өткөрүп бергенбиз.

— Кесибиңиздин артынан эмнеге жетиштиңиз?

— Эмгек жолумду катардагы жоокерден баштап офицердик наамга чейин жетиштим. Бул мен үчүн чоң ийгилик. Ошондой эле Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында "Атайын машыгуу" өткөн. Ошол жерден атайын сыйлыкка ээ болгом. Буюрса бир жерден агарып–көгөргөн деле жакшы экен.

— Сиздерде спорттун мааниси да жогору болсо керек. Машыгууга шарт түзүлгөнбү?

Ош шаардык башкармалыгындагы Куткаруу кызматынын жетекчиси Белек Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө апамды сагындым. Бир айдан бери үйүнө бара элек куткаруучунун маеги
— Ооба, бизде дененин чыңдыгы башкы орунда турат. Анткени тоодонбу же үйдөнбү, адамды куткарганда бир канча убакыт арканга асылып турууга туура келет. Мындайча айтканда, куткаруучу ар кандай көнүгүүлөргө узак убакыт туруштук бериши зарыл. Биздин министрликте атайын машыгуу залдары жок. Бирок Куткаруу кызматы өзүбүзгө шарт түзүп алганбыз. Машыгуучу "грушалар", штанга жана гантелдер бар. Бизде да тартип менен убакыт бөлүштүрүлгөн. Анын негизинде сабактар, машыгуулар өтүп турат. Күнүнө 1,5 саатка чейин дене тарбия көнүгүүлөрүнө убакыт бөлөбүз.

— Куткаруучуларга көбүнчө кандай жардам сурап кайрылышат?

— Биздин алгачкы милдет — өзгөчө кырдаал учурунда жарандарга тез жардам көрсөтүү. Дайым даярбыз. Эгер шаар ичин айтсам, айрыкча жабылып калган үйлөрдүн эшигин ачып беребиз.

Жол кырсыгы мезгил тандабаганы менен күзүндө өтө көп катталат. Андан тышкары, өрт кырсыгы көп болот. Мындай учурларда өрт өчүрүүчү топ менен чогуу барабыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКубан Кенен уулу: Бизде чакырууну кабыл алууда дасыккан диспетчерлер иштейт. Алар суйлөшүүдө эле кырсыктын кырдаалын эле эмес, адамдын эмоционалдык абалына чейин анализдейт.
Үйдөн дагы сөөк чыкпаса экен деп тиленип... Куткаруучу Кубан Кенен уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Кубан Кенен уулу: Бизде чакырууну кабыл алууда дасыккан диспетчерлер иштейт. Алар суйлөшүүдө эле кырсыктын кырдаалын эле эмес, адамдын эмоционалдык абалына чейин анализдейт.

— Убара болуп калган учурларыңар болобу?

— Чанда гана болушу мүмкүн. Анткени бизде чакырууну кабыл алууда дасыккан диспетчерлер иштейт. Алар суйлөшүүдө эле кырсыктын кырдаалын эле эмес, адамдын эмоционалдык абалына чейин анализдейт. Кээде ойноп чалгандар кездешет. Кээ бир адамдар шок абалында туура эмес даректерди берип коюшат. Ошондуктан жолдон диспетчер аркылуу дагы бир ирет даректерди тактатып алабыз.

— Балким сизге жардам сураган адамдын ошондогу стресс абалы көнүмүш көрүнүштүр… Негизи адамдар кыйын кырдаал учурунда өзүн кандай алып жүрөт?

Дача СУ айылындагы учак кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала кучактаган эне ак жууркан алдында жатыптыр. Куткаруучу Дастан менен маек
— Ар бир адам коркунучту ар башкача кабылдайт. Бирөө "мени куткар" деп кыйкырып ыйлап жатса, бирөө шок абалында эч нерсени түшүнбөй, жадагалса сүйлөй албай калат. Көбүнчө катуу стресс абалга адам туугандары жана жакындары кырсыкка учураган мезгилде кабылат. Бир жолу түндө автоунаа сууга айдоочусу менен түшүп кеткен. Биз чакырууга келгенибизде ал жерге кырсыкка учураган жарандын туугандары да барып калган экен. Кооптуулукка карабастан "өзүбүз куткарабыз" деп терең сууга түшүүгө даярданып алышкан жеринен токтотконбуз. Бирок биз үчүн эң негизгиси — адамдын өмүрү, мындай кырдаалда психологиялык жардам да көрсөтүшүбүз зарыл. Өз өмүрүн тобокелге салбоого чакырабыз, суранабыз, талап кылабыз, кыскасы көндүрөбүз.

— Дача СУдагы кырсыкта сиз да иштедиңиз беле?

— Ооба, ал күнү дарыгерге көрүнүү үчүн суранып алдым эле. Шашылыш чакыруу менен кырсык болгон жерге бардык. Биздин бригада алгач чатырларды тиктик. Андан кийин тапшырма менен үйлөрдүн ордун аныктай баштадык. Бир үйдө жерге узун кырка уктоочу төшөк салыныптыр. Мен ичимен дагы сөөк чыкпаса экен деп аябай тилегеним эсимде. Себеби бизге чейинки бригада көп адамдын сөөгүн таап сыртка тизип коюшкан да. Кырка тизилген жансыз денелер, нары жакта сыздап ыйлаган адамдар. Ушунун баарын көрүп жаман болдук. Ошол жерден күйүп таанылбай калган эки сөөк таптык. Бирөөсүн учкуч, экинчисин жаш келин го деп боолгологонбуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0