Прокуратура: Бишкекте иштебеген мугалимдерге айлык төлөнгөн факты аныкталды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМектептеги мугалим. Архив
Мектептеги мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мугалимдердин документтери каттоого алынганы менен жумушка келип иштешчү эмес. Бирок 2015-жылдан 2020-жылга чейин аларга айлык төлөнүп турган.

БИШКЕК, 26-ноя. – Sputnik. Биринчи май районунун билим берүү борбору бюджетти 5 миллион 221 миң сом чыгымга учуратканы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, №28 мектепке мугалим, лаборант, кружоктордун жетекчиси катары 10 адам мыйзамсыз жумушка алынган.

"Алардын документтери каттоого алынганы менен жумушка келип иштешчү эмес. Бирок 2015-жылдан 2020-жылга чейин аларга айлык жүрүп турган. Натыйжада бюджетке 5 миллион 221 миң сом зыян келтирилген", - дешти Башкы прокуратурадан.

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча каттоого алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0