Сурабалдиева: Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү графиги даяр

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кыргыз өкмөтү башка мамлекеттерде даярдалып жаткан вакциналардын дагы эффективдүүлүгүнө байкоо салып жатат.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Коронавируска каршы Россиядан чыгарылган "Спутник V" вакцинасын алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туурасында вице-премьер Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вакцинаны ташып келүү боюнча өкмөткө коомчулук тарабынан кайрылуулар түшүп жатат.

"Учурда COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуу боюнча Россия тарап менен сүйлөшүүлөр активдүү жүрүүдө. Кыргызстанга алып келүү боюнча август айында Россияга кат жөнөткөнбүз. Вакцинанын көлөмү, алып келүү боюнча графиктер, Кыргызстанда каттоо процедурасынын баары иштелип чыккан. Биздин адистер Москвага барып "Спутник V" вакцинасынын клиникалык сыноо процесси кандай өтүп жатканын көрүп, таанышып келишти", — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле ал Кыргызстан башка мамлекеттерде даярдалып жаткан вакциналардын эффективдүүлүгүнө да байкоо салып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0