30 миң сом айып салынды. Жол эрежелерин бузган той кортежинин видеосу

© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаМилициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарындагы үлпөт той кортежинин эки унаасын кармап, автокөлүктөрдүн ээсин айыпка жыкты
Милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарындагы үлпөт той кортежинин эки унаасын кармап, автокөлүктөрдүн ээсин айыпка жыкты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда инспекторлор бул видеого түшүп калган башка автоунааларды аныктап, аларды кармоо иштерин улантып жатканы маалым болду.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарындагы үлпөт той кортежинин эки унаасын кармап, автокөлүктөрдүн ээсин айыпка жыкты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от УПСМ (@upsm_kg)

Кайгуул кызматы билдиргендей, буга чейин социалдык тармактарга алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып алып жол эрежелерин одоно бузган кортеждин видеосу тараган.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жол тайгакта айдоочулар эсинен чыгарбай турчу 6 эреже
Анда шаардагы көчөлөрдүн бирине алты унаа катуу үн чыгарып кирип келе жатканын көрүүгө болот.

Видео соцтармакка тарагандан кийин милициянын кайгуул кызматкерлери автоунааларды издөө үчүн ыкчам иш-чараларын жүргүзгөн. Жыйынтыгында 19 жаштагы айдоочуга таандык эки унаа кармалып, КР Эреже бузуулар жөнүндө кодексинин беренелерине ылайык үч протокол түзүлгөн. Унаа ээсине 30 500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Учурда бул видеого түшүп калган башка автоунааларды аныктап, аларды кармоо иштери уланып жатканы кошумчаланды.

Милиция жолдогу коопсуздук эрежелерин одоно бузган айдоочуларга мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0