COVID-19дан алты киши көз жумду, бешөө — Бишкектин тургуну

© AP Photo / Daniel ColeCOVID-19 менен оруган бейтап. Архив
COVID-19 менен оруган бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жугузуп алып каза тапкандардын саны 1 251ге жетти.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан алты адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирмеге караганда, каза болгондордун бешөө Бишкек шаарынан, бири Ош облусунан болгон. Ошону менен көз жумгандардын жалпы саны 1 251ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 2 861 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 115 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

Ооруканада жаткандар:

  • 56 — канааттандырарлык абалда;
  • 1 905 — орточо оор;
  • 785 — оор;
  • 115 — өтө оор.

Ал эми 3 832 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0