Бишкекте жоголгон бир тууган балдар Жалал-Абаддан табылды

CC0 / Pixabay/ Alexas_Fotos / Бала менен кыз кол кармашып бара жатат. Архив
Бала менен кыз кол кармашып бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар 25-ноябрь күнү эртең менен 6-кичи райондогу батирден ойноп келүүгө чыккан боюнча кайтып келишкен эмес.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкекте изделип жаткан 11 жаштагы кыз менен 8 жаштагы бала Жалал-Абад шаарынан табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 25-ноябрь күнү милицияга 11 жаштагы Даткайым Салижанова менен 8 жаштагы Барсбек Салижановдун энеси кайрылган. Анын айтымында, балдары 25-ноябрь күнү саат 10:20да 6-кичи райондо жайгашкан батиринен ойноп келүүгө чыккан боюнча келишкен эмес.

"Буга байланыштуу балдарды издөө иштери башталган. 26-ноябрга караган түнү болжол менен саат 01:40та балдардын атасы кызы менен уулу Жалал-Абадда экенин кабарлаган. Ага бул тууралуу туугандары чалып айтышкан", — деп жазылат маалыматта.

Табылган бир туугандар аман-эсен экени кошумчаланды.

Бишкек ШИИБ ата-энелерге жана балдарга эгер коопсуздукка коркунуч жаралса, жакын жайгашкан милиция бөлүмдөрүнө кайрылып же 102 номерине чалууну эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0