Жол тайгакта айдоочулар эсинен чыгарбай турчу 6 эреже

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулардын баары эле жол тайгакта жана суук түшкөндө автоунаа башкаруу эрежесин биле бербейт. Айрыкча тажрыйбасы аз жана жаңы үйрөнчүктөр кыйналат. Алардын арасында биринчи жолу кышында машина айдап жаткандары болушу ыктымал.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги "Жол эрежеси" рубрикасынын алкагында айдоочуларга кышкы сезонго унааны кантип даярдап, жол тайгакта башкаруу эрежелери тууралуу пайдалуу маалыматтарды чогултту.

Керектүү маалыматтар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен инструктор Саламат Дүйшеевден алынды.

Автоунааны кыш мезгилине даярдоо. Кар жаап салды, кыш дагы үч айга созулат. ЖКККББ айдоочуларга бул сезонго өзгөчө даярдык көрүүнү эскертти.

Биринчи кезекте унаанын техникалык абалына көңүл буруу зарыл. Айдоочу автоунаасынын жарык берүүчү фараларын карап, айнек тазалоочу, электр шаймандарын даярдап, аккумулятордун туура иштеп жатканын текшертип коюшу шарт.

Унаалар Бишкек шаарынын Масалиев көчөсү менен барып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Автоунааларды озуп өтүүдө эмнелерди эстен чыгарбоо керек? Эреже, кеңештер
Жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга сөзсүз алмаштыруу керек. Дөңгөлөктөрдү өз убагында алмаштыруу айдоочуга жолдо ишенимдүү жүрүүгө мүмкүнчүлүк берип, жол кырсыктарын азайтууга өбөлгө болот.

Ылдамдык менен аралыкты сактоо. Айдоочулар кыш мезгилинде ушул эки эрежени так сакташы керек. Инструктор кар жааганда жол чырактын алды 10 метрге чейин тайгак болуп каларын эскертип, айдоочулар ага жакындаганда ылдамдыкты азайта башташы керектигин айтты.

Айдоочу тормозду жол чыракка келгенде же токтоп турган унаалардын катарына кошулганда баспаш керек. Кызыл же сары күйүп турганын көрөрү менен акырындап тормозду басып, ылдамдыкты жайлатып келгени дурус.

Алдыңкы автоунаадан болжол менен 20 метрдей алыс туруу керек. Жол тайгакта тормоз дароо кармабай калышы ыктымал. Алдыңкы автоунааны сүзүп албайын десеңиз, андан 18-20 метр алыс токтогонуңуз оң. Канчалык алыс болсо, ошончо коопсуз. Жол тыгында газды дароо тээп айдабай, акырын гана басуу керек. Эгер автокөлүк тайгаланып токтобой жатса, тормозду бирде басып, бирде кое берип отуруп аны эки-үч ирет кайталаш керек. Ошондон кийин автоунаа токтойт. Тайгак жерден эч качан тормозду дароо баспаш керек.

Түнкүсүн жолдогу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкаларды да сыйлагыла. Фараны туура күйгүзүү боюнча айдоочуга 7 эреже
Туман түшүп айлана көрүнбөй калганда эскертүүчү жарыкты күйгүзүү зарыл. Күн суукта туман бат-баттан түшүп, күндүз болобу, кечинде болобу, айлана жакшы көрүнбөй калат. Эгер тумандан эки метрге чейин алыстык көрүнбөй кала турган болсо, анда айдоочу автоунаанын "аварийкасын" күйгүзүп алышы керек. Айлана жакшы көрүнбөгөн шартта автоунаанын габарит жарыктарын жандырып койгон оң. Тегерек жакшы көрүнбөгөн кезде габарит жарыктар эле эмес, жакын жарыктын фаралары, унаанын алдында жана арт жагында жайгашкан туманга каршы фаралар, ошондой эле фонарлар күйгүзүлүүгө тийиш.

Жөө адамдар өтүүчү чийинге аз калганда ылдамдыкты жайлатуу. Мындай өткөөл жерлерге аз калганда сөзсүз ылдамдыкты азайтуу зарыл. Анткени жол тайгакта автоунааны дароо токтото албай калышыңыз ыктымал. Жөө адамдар кышкысын жылуу кийим кийип, топу, капюшончон жүрүшөт. Алар автоунааны карабай өтүп кетиши ыктымал же байкабай, укпай калышы толук мүмкүн. Ошондой эле тайгакта бурулуш, кайрылыш жерлерден да автоунаанын ылдамдыгын азайтып бурулуу кажет.

Кыйын кырдаал жаралса. Кокус айдоочу же жөө адам жолдон кыйын кырдаалга кабылса, ЖКККББнын бөлүмдөрүнө кайрыла алышат. Ал үчүн 0312 63-09-01, 0556 63 00 09 телефондоруна чалып же 0703 63 09 00 (Whats App) номерине жазса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0