Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда

© Sputnik / Нурис АлымбаевКомпьютер клубдагы балдар. Архив
Компьютер клубдагы балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазында коронавирустан улам өзгөчө абал киргизилгенде компьютердик клубдардын ишине дагы тыюу салынган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Мэрия Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын ишин жандантуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Шарт боюнча кардарлар клубга толуп албай, жарымынан гана орун алышы керек. Санитардык эрежелер так сакталууга тийиш.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балбак Түлөбаев: той-аштан муниципалдык кызматкерлерди көрсөм, таарынбагыла!
Мэрия сабак убагында окуучуларды киргизген компьютердик клубдарды тез арада жаап саларын эскертти. Белгилей кетсек, мектеп окуучулары дагы деле аралыктан билим алууда.

Жазында коронавирустан улам өзгөчө абал киргизилгенде компьютердик клубдардын ишине дагы тыюу салынган.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишкердик тууралуу сөз кылып жатып, ордо калаада коронавируска байланыштуу чектөөлөр бара-бара алынарын убадалаган. 1-декабрдан тарта кинотеатрларды, театрларды ачуу пландалып жатат, ошондой эле супермаркеттердин күнү-түнү иштешине уруксат берүү каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0