Чет элдиктерге кыргыз жарандыгын сатуу сунушталууда. Жаңы мыйзам долбоор

© SputnikКыргызстандын жаранын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоорго ылайык, Кыргызстандын жарандыгын алгысы келген чет элдик жаран атайын эсепке 100 миң доллар которушу керек.

БИШКЕК, 25-ноя. – Sputnik. Кыргызстанга 100 миң долларлык инвестиция жасаган чет элдик жарандарга кыргыз жарандыгын берүү сунушталып жатат.

Мыйзам долбоорду депутат Дастан Бекешев жазып, документ коомдук талкууга коюлду. Андагы маалыматка караганда, бир катар мамлекеттерде "Инвестициялардын ордуна жарандык" деген программа иштеп келет. Аны Кыргызстанда дагы ишке ашырууга болору белгиленди.

"Бул мыйзам долбоор инвестициялардын ордуна чет элдиктерге Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү механизми аркылуу Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн акча топтоо максатында иштелип чыкты", — деп айтылат документте.

Ага ылайык, Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн каражатты аккумуляциялоо боюнча атайын эсепке 100 миң доллар төлөгөн чет элдиктерге Кыргызстандын жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилет.

Буга окшош мыйзамдар бир катар өлкөлөрдө бар экени белгиленген. Мисал катары Сент-Китстеги жарандык боюнча эрежелер келтирилген.

Руководитель представительства Госмиграции КР в России Майрамбек Бейшенов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бейшенов: эми мигранттар тааныштарын сатып алган үйүнө каттатууга укуктуу
"Сент-Китс кош инвестициялык жарандыкты сунуштаган алгачкы өлкөлөрдүн бири. "Инвестициялардын ордуна жарандык" программасы 1984-жылдан тартып ишке ашкан. Инвестициялоого бир нече мүмкүндүк бар: туруктуу өнүгүү фондуна 183 150 доллар которуу же 288 150 долларга кыймылсыз мүлк сатып алуу. Бул өлкөнүн жарандыгы 150 өлкөгө визасыз кирүүгө мүмкүндүк берет", — деп жазылган документте.

Дүйнөдө инвестициялардын ордуна жарандыкты сунуштаган 30дай өлкө бар экени кошумчаланган.

Эгер мыйзам долбоор кабыл алынып калса, Кыргызстан инвестициялардын ордуна жарандыкты сунуштаган Борбор Азиядагы биринчи мамлекет болмокчу.

"Биздин өлкө үчүн бул программа тышкы карызды төлөө үчүн каражат тартууга мүмкүндүк берет. Мыйзам кабыл алынган учурда өкмөт тышкы карызды төлөө үчүн каражатты аккумуляциялоо боюнча атайын эсеп ачышы керек", — деп айтылат долбоордо.

Белгилей кетсек, мында чет элдик жарандар Кыргызстандын жалпы чек арага ээ болгон мамлекеттерден болбошу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0