Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна шаардык кеңешке кеңсе курулат

© Sputnik / Акылбек БатырбековӨрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын эски имаратыны. Архив
Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын эски имаратыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулушка болжолдуу түрдө канча каражат кете турганы азырынча айтыла элек. Мэрдин милдетин аткаруучу долбоор иштелип чыкканда маалым болорун билдирет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын эски имаратынын ордуна Бишкек шаардык кеңешине жана бир катар шаардык мекемелерге жети кабаттуу жаңы имарат куруу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда долбоорлоо үчүн тендер жарыяланган, анын жыйынтыгы менен курулуш качан башталары маалым болот. Ал шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Түлөбаев сарпталган каражат жаңы курулган жайга көчүрүлгөн шаардык кызматтардын мурдагы имараттарын ижарага берүүдөн бюджетке кайтарылышы мүмкүн экенин белгиледи.

"Учурда шаардык кеңештин кызматкерлери мэриянын административдик имаратында кысылган шартта иштеп келишет, ар бир кеңседе көп адам отурат. Жаңы имаратка башка кызматтарды дагы көчүрүү пландалууда. Балким, келечекте Бишкек шаардык кеңеши Москвадагыдай эле туруктуу иштеп турушу мүмкүн", — деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Курулуштун болжолдуу баасы аны долбоорлоодон кийин белгилүү болору кошумчаланды.

Учурда мэрия менен шаардык кеңеш Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта чогуу отурушат.

Башкы прокуратуранын Орозбеков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мурдагы имараты 2010-жылдагы апрель окуясында өрттөнүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0