Киши өлтүрүп, тоноп, зордуктап... Милиция 121 кылмыштын бетин ачты

Жазылуу
ИИМдин "Издөө" операциясынын алкагында кылмышкерлер жүрөт деп болжолдонгон жерлер текшерилген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлиги ушул жылы өлкө аймагында "Издөө" операциясын жүргүзүп, жүздөн ашуун кылмыштын бетин ачып, бир нече кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, рейддик иш-чарада издөөгө алынган кылмышкерлердин болжолдуу жүргөн жерлери текшерилип, дайынсыз жоголгондордун кайда жүргөндүгүн жана өздүгү такталбаган сөөктөрдүн ким экендигин аныктоо боюнча аракеттер болду.

"Операция жүргүзүү маалында ички иштер органдары мыйзамга каршы аракеттерди жасап, анын ичинен оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн 92 адамды кармады. Адам өлтүрүү үчүн кол салган деп бир, карактаган бир, тоногон бир жана башка кылмыштарды жасаган 46 киши колго түштү. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдары издөөгө алган эки жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн бир адам кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ыкчам-алдын алуу операциясында 121 кылмыш ишинин бети ачылды.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө тонолгон банктар. Уурулукка шектүүлөр кармалды
"Алардын ичинен киши өлтүрүү боюнча бир, ден соолукка атайылап зыян келтирүү боюнча үч, зордуктоо боюнча эки, тоноо боюнча эки, уурулук боюнча 40, алдамчылык 35, ээнбаштык 9, автомототранспорт каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча бир жана башка 25 кылмыш болду", — деп жазылган билдирмеде.

Буга кошумча "Издөө" операциясынын жүрүшүндө баңгизаттарга тиешелүү эки факты, ок атуучу курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо боюнча дагы эки факты аныкталган.

Дайынсыз жоголгон 21 адамдын кайда жүргөндүгү жана өздүгү такталбаган алты өлүк тууралуу маалыматтар белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0