Өкмөт мамлекеттик органдардын иши боюнча сунуштарды күтөт

Жазылуу
Өкмөт аткаруу бийлигинин ишиндеги көйгөйлөрдү ар тараптуу изилдөөнү көздөп жатат. Ошондуктан элден сунуштарды күтөт.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо боюнча сунуштарды күтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Двое мужчин за столом - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда карьералык кадрлар резерви түзүлүүдө. Курамына кирүү шарттары
Учурда премьер-министрдин ушул жылдын 6-ноябрдагы буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы тарабынан мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп жана талдап чыгуу боюнча иштер улантылууда.

Өкмөт жарандык коом өкүлдөрүн, бизнес-коомчулукту жана көз карандысыз эксперттерди мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча өз сунуштарын берүүгө чакырат.

Сунуштарды y.bedash@mail.gov.kg же ukaev@mail.gov.kg электрондук почталарына жөнөтүүгө болот. Мындан сырткары, төмөнкү байланыш телефондор көрсөтүлгөн: (0-312) 96-01-73 же 96-01-76.

Жаңылыктар түрмөгү
0