Мэрия Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын тагдырын чечмей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБашкы прокуратуранын өрттөлгөн имараты. Архив
Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имарат 2010-жылы 7-апрелдеги окуяларда күйүп кеткен.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна курулуш жүргүзүү боюнча документтерди даярдоого каражат бөлүнмөй болду. Мындай демилгени калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев көтөрүп, буйрукка кол коюлганын муниципалитеттен билдиришти.

"Бишкек мэриясына караштуу Муниципалдык мүлк башкармалыгынын балансындагы бул имараттын азыркы абалын Сейсмологиялык курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту карап чыгып, техникалык баа берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин имаратынын өрттөлүп, талкалангандан кийинки көрүнүшү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин имаратынын өрттөлүп, талкалангандан кийинки көрүнүшү. Видео
Жакын арада техникалык кароолордун негизинде кабыл алынган чечим боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн тендер жарыяланмакчы.

Белгилей кетсек, Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имарат 2010-жылы 7-апрелдеги окуяларда күйүп кеткен. Кийин аны калыбына келтирүү иштерине Бишкек шаарынын бюджетинен 120 миллион сом бөлүү каралган.

Ал эми 2018-жылы "Бишкек башкы архитектура" ишканасы аталган аймакка эс алуу жайын куруу пландалып жатканын айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0