Жапыкеев: бизнести кысымга алган Финполдун кызматкерлерине катуу чара көрүлөт

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Глава ГСБЭП Сыймык Жапыкеев
 Глава ГСБЭП Сыймык Жапыкеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финполдун төрагасы кызматкердин негизги милдети бизнести коргоо жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу экенин белгилеген.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Финансы полициясынын жетекчилиги өз ишинде тажрыйбасыздыгын көрсөткөн кызматкерлерге карата катаал чараларды колдонот. Бул туурасында аталган органдын төрагасы Сыймык Жапыкеев ыкчам кеңешменин жүрүшүндө билдирген.

Ал Финполдун негизги милдети бизнести коргоо жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу экенин белгиледи.

"Кара ниет, коррупциялашкан аткаминерлердин бизнеске кысым көрсөткөн факторлорун жок кылуу керек. Фискалдык органдардын ашыкча активдүүлүгү мамлекеттин ишкердик климатына ушундай оор мезгилде тоскоол болууда. Финансы полициясы негизсиз куугунтуктоо фактыларын кылдат тергеш керек. Инвестор үчүн эң башкысы — бийликтин чынчылдыгы жана калыстыгы", — деди Жапыкеев.

Ошондой эле ал эгерде кызматкерлеринин мыйзамсыз жүрүм-туруму же бизнеске кысым көрсөткөндүгү жөнүндө маалымат жетип калса, жумуштан бошотууга чейинки эң катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Муну менен бирге жетекчи бөлүм башчыларга элди жана ишкерлерди үзгүлтүксүз кабыл алып көйгөйүн угуу тапшырмасын бергени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0