Онколог кальян менен электрондук чылымдын зыянын айтып берди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКальян чегүү. Архив
Кальян чегүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, таза абадан башка өпкөгө кирген бардык бөтөн заттар аны жабыркатып, илдетке чалдыктырат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кальян менен электрондук чылым ден соолукка кадимки тамекиден кем эмес кесепетин тийгизет. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы онкологу Андрей Капринге шилтеме берип РИА Новости жазды.

Анын айтымында, таза абадан башка өпкөгө кирген бардык бөтөн заттар аны жабыркатып, илдетке чалдыктырат.

"Кээ бир мамлекеттерде кальян көп чегилгендиктен кургак учук маселеси өтө курч. Анын түтүнү, жылуу шилекей кургак учуктун таякчаларынын көбөйүшүнө эң сонун шарт түзөт. Бир аппараттан чегип жатканда бир адамдан экинчисине кургак учук эч бир тоскоолдуксуз өтүп кетет", — деди Каприн.

Мындан тышкары, адис электрондук чылым дагы өпкө үчүн зыяндуу экенин, анын кесепети бүгүнкү күндө да аягына чейин иликтенип бүтө электигин кошумчалады.

Адистин пикиринде, өпкө рагына түтүндөн тышкары ичимдик жана кыймылдын аздыгы дагы алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0