Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт. Тизме

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүГаз оту. Архив
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга жер алдынан өткөн түтүктөн сыртка чыгып жаткан газды токтотуу үчүн жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери себеп болууда.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарынын тургундары 24-27-ноябрь күндөрү газсыз калат. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, буга жер алдынан өткөн түтүктөн сыртка чыгып жаткан газды токтотуу үчүн жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери себеп болууда.

Газ өчүрүлчү аймактар:

  • Кызыл куруучу шаарчасы;
  • Элебесов көчөсүнүн Коллективная, Аул, Новосельский жана Кичи Чүй каналынын ортосундагы бөлүгү;
  • Сары-Челек, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Зеленый, Новый, Колхозный, Заводской көчөлөрүнүн жана айланма жолдун айрым жерлери;

Бардыгы болуп 3 920 абонент газсыз калат.

"Газпром Кыргызстан" ишканасынын "Бишкек газ" филиалы мындай ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан алдын ала кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0