Дарыгер боорго зыяндуу азык-түлүктөрдү атады. Тизме

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНовосибирская кондитерская "Кузина"
Новосибирская кондитерская Кузина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мясниковдун айтымында, боордун циррозу ичимдиктен гана эмес, тамакты ашыкча жеп алгандан да пайда болушу ыктымал.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын түз эфиринен боорго зыян делген азык-түлүктөрдү тизмектеп берди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

"Жумасына 200 грамм арак ичүү эркектердин боорун талкалайт, ал эми 140 грамм арак аялдардын бооруна уу болуп эсептелет", — деди ал.

Мясниковдун айтымында, боордун циррозу ичимдиктен гана эмес, тамакты ашыкча жеп алгандан да пайда болот.

"Таттуу токочтор, пельмен, котлет, колбаса жана башка азыктарды көп жегенде боордун клеткаларына май толуп, аталган органдын иштөөсү бузулат", — деди адис.

Дарыгер гепатиттин B жана C түрүнөн жылына 1,2 миллион адам каза болорун эскертип, коомчулукту гепатиттин B түрүнө каршы эмделип коюуга чакырган. Ошондой эле адис тамакты ашыкча тоюп жебей, аз-аздан сиңирип жегиле деген сунушун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0