Беймаал тынчын алба! Мугалимге кайрылуу этикети

© Sputnik / Владимир ПесняУчитель истории лицея НИУ ВШЭ Сергей Цибульский
Учитель истории лицея НИУ ВШЭ Сергей Цибульский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн татыктуу алып жүрүү эрежелери менен тааныштырат.

Пандемия шартында окуучулардын аралыктан билим алуусу ата-энелерге дагы, балдарга дагы, мугалимдерге дагы бир топ түйшүк алып келгени талашсыз. Биринчиден, ойноп-күлүп классташтары менен чер жазчу баланы үйдө кармоо, интернет аркылуу окутуу психилогиялык жактан көбүн чүнчүттү.

Бүгүн биз ата-эне менен окуучулардан кем эмес түйшүк тарткан мугалимдерге карата кандай мамиле кылуу керектигин кеп кылабыз. Макаланы даярдоого этикет мугалими Нуржан Исмаилова жардам берди.

Мугалимге кайрылуу

Возобновление работы МФЦ в Москве - Sputnik Кыргызстан
Ээн-эркин чүчкүрө албай... COVID кызматтык этикетти өзгөрттү
Аралыктан окуу башталгандан бери мугалим менен ата-эне онлайн-байланышта болууга аргасыз. Бул учурда деле бетме-бет кезиккендей эрежелерди кармануу керек. Учурашып, сүйлөшүүгө ыңгайлуубу, убактысы бар-жогун сурап койгонуңуз жакшы. Анткени сиз бир гана баланын маселеси менен чаласыз, ал эми мугалимдин карамагында ондогон окуучу бар. Экинчиден, кимдин ата-энеси экениңизди жана кайсы маселе менен кайрылып жатканыңызды так түшүндүрүңүз.

Ойго келген маалда тынчын ала бербеңиз

Жумуш бүтүп, кеч кирип же дем алыш күндөрү мугалимдин тынчын ала бербеңиз. Анын дагы үй-бүлөсү, жеке жашоосу, балдары бар. Өзүңүз деле эс алып отурган маалда улам бирөөнүн жумуш боюнча чала бергенин элестетип көрсөңүз. Айрым ата-энелер өздөрүнүн бардык иши бүткөндөн кийин гана балдарынын окуусуна, үй тапшырмасына киришет. Анан түнкү 11де мугалимге жаза башташат. Бул жат көрүнүш, бирөөнүн убактысын сыйлабагандыкка жатат.

Тапшырмага так болгула

Киши жумуш боюнча видеоконференцияда катышып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жоголуп кетпей, жооп бер. Дистанттык түрдө иштеген жамааттагы этикет
Көп ата-эне кенже класстарда окуган балдарына үй тапшырмасын аткарууга жардам берет. Андыктан эч кимге тоскоолдук жаратпаш үчүн кандай тапшырма берилгенин, түшүнбөгөн суроолорду тактап алууга күндүзгү убактыңыздын бир нече мүнөтүн бөлүп койгонуңуз жакшы. Бул нерсе буга чейин айтылгандай, мугалимдин иштен тышкаркы убактысын албоого жардам берип, өзүңүзгө дагы кечкисин жалаң сабак эмес, бала менен башка, маанилүү темаларда сүйлөшүүгө шарт түзөт.

Мугалимдин талабын так аткар

Балага үлгү болом десеңиз, мугалимдин талабын өзүңүз так аткарыңыз. Мисалы, ата-энелер чогулушуна калбай катышуу же балага үй тапшырмасына жардам берүү сыяктуу мугалимдин өтүнүчүн өз маалында жана сапаттуу аткарып койгонуңуз туура. Негизи эле балаңызга билим берип жаткан адамдын сөзүн эки кылбоо — окуучуга эң жакшы сабак болуп эсептелет.

Убагында жооп бер

Мугалим кайсы бир суроо, талап же өтүнүч менен кайрылып калышы мүмкүн. Ага убагында жооп берген туура.

Жылуу мамиле

Жылуу сөз эч кимге эч качан зыянын тийгизе электигин унутпаңыз. Бул, тескерисинче, адамга канат байлатып, жакшы иштерди кылууга түртмөлөйт. Андыктан мугалим менен башынан жылуу мамиледе болуп, майрам, салтанаттарда куттуктоо сөзүн айтып коюу ашыкча болбойт.

Баланын көзүнчө сын айтпа

Албетте, мугалимден дагы кемчилик кетет. Бирок нааразычылыктарды баланын көзүнчө айтпай эле койгон туура. Мындай учурда мугалимдин окуучунун алдында кадыр-баркы төмөндөп калышы мүмкүн. Ал эми ишеним азайган, ал үчүн "кыйын" көрүнбөгөн мугалимден баланын тарбия алышы татаалыраак болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0