БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 432 кишиден коронавирус табылып, 517 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, жуктургандардын көбү Бишкек шаарында катталган.
Жуктургандар:
- Бишкек – 138;
- Ош – 27;
- Чүй облусу – 62;
- Ош облусу – 26;
- Талас облусу – 10;
- Нарын облусу – 15;
- Ысык-Көл облусу – 51;
- Жалал-Абад облусу – 66;
- Баткен облусу – 37.
Айыккандар:
- Бишкек – 104;
- Ош шаары – 16;
- Чүй облусу – 101;
- Ош облусу – 62;
- Талас облусу – 15;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 48;
- Жалал-Абад облусу – 88;
- Баткен облусу – 76.
Ушуну менен COVID-19 илештиргендердин саны 69 581ге жетти. Анын ичинен 60 811 бейтап ооруну жеңип, 1 231 адам илдеттин курмандыгы болду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча жети медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алар:
- Бишкек – 5 (1 кызыл зонадан);
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 1.
Ошол эле учурда сегиз медиктин ооруну жеңгени айтылды.