Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Өлкөнүн бардык тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу туурасында маалымат барди.

Синоптиктердин билдиришине караганда, борбор калаада дүйшөмбүдө күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Ал эми шейшембиден бейшемби күнгө чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

Өлкөнүн бардык тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-ноябрда кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда кар жаап, кээ бир райондорго туман түшөт. Күндүз жана 24-26-ноябрларда күн ачык турат.

Кыз каар жаап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда кар жаай турганы айтылды. Кээ бир райондорду туман каптайт. 24-ноябрда жаан-чачын жаабайт.  Бирок 25-ноябрда күндүн көзү бузулуп, Баткен, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.  Ал эми 26-ноябрда түштүк регионунун бардык аймагында кайрадан күн ачылат.

Ысык-Көл облусу

23-ноябрда көпчүлүк аймактарда, 24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт. Ал эми 24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда күн ачык болот. 26-ноябрда кээ бир райондордо кайрадан кар жаайт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы

Кыш келбей жатып ак кар жамынган Бишкектин сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Кыш келбей жатып ак кар жамынган Бишкектин сүрөттөрү
23-ноябрда көпчүлүк райондордо кар жаап кечке жуук басылат да, ошол бойдон 26-ноябрга чейин күн ачык болот.

27-28-ноябрларга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

27-ноябрда күн ачык болуп, абанын температурасы жогорулайт.

28-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы кайра төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0