Боом капчыгайында таш кулап, жол буулду. Видео

Жазылуу
Жолду аягына чейин тазалоо үчүн грейдер жөнөтүлгөнү кабарланды. Трасса тазалангандан кийин кыймыл кайрадан жанданган.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 151-чакырымында таш кулап, жол бир аз убакытка жабылганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Кант шаарына жакын жердеги айланма жолдо болгон ири жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Кантка жакын жердеги жол кырсыгында 6 киши каза болду. Такталган маалымат
Буга чейин Боом капчыгайында жолго кулаган таштан улам автоунаалар токтоп, адамдар аны тазалап жатканы тууралуу видео тараган.

Министрликтин маалыматы боюнча, окуя мындан эки саат мурун, 21.15тер чамасында блогон. №32 Жол-эксплуатациялык башкармалыктын кызматкерлери жолду тазалап, бир аз убакытка токтоп калган кыймыл кайра жанданган.

Жолду аягына чейин таштан арылтуу үчүн аталган аймакка грейдер жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0