Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши Эркиндик бульварда бара жатат. Архив
Киши Эркиндик бульварда бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-ноябрга караган түнү республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жекшемби, 22-ноябрда, күндүз Ысык-Көлдөн башка облустардын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткендин кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде -1...-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -2...+3, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5, ал эми Нарын аймагында -3...+2 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте -3...-5, ал эми Ошто +1...+3 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0