07:51 26 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR100.9883
  • RUB1.1236
Коом
Кыскача шилтеме алуу
69710

Учурда кыргызстандыктарды дүйнөнүн ар кыл бурчунан кездештирүүгө болот. Алар чет жерде эмгектенип, чакан бизнес гана ачып тим болбостон Кыргызстанга да акча которуп жатышат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Стамбулдагы мекендештердин бири 56 жаштагы Кундуз Мамбетова менен баарлашкан. Маектешибиз жакында эле Стамбулдун борборунда чакан хостел ачыптыр.

— Кыргызстанда мугалим болуп эмгектенчү экенсиз. Стамбулга кандайча барып калдыңыз?

— Түркияга келгениме тогуз жылдай болуп калды. Кесибим — мугалим. Айылдагы мектепте 20 жылга жакын окуучуларга билим бергем. Кийин шаарга көчүп келип соодага аралашып, базарда иштеп калдык. Бирок 2010-2011-жылдары соода кылгандарга кыйын учур болду. Казакстандын чек арасы да жабылып, кардар жок базардагылар кыйналды. Ошондо айласыздан башка жактан каржы булагын издөөгө туура келген. Себеби ал убакта соода жасоо үчүн үй-бүлөбүз менен насыя алганбыз. Аны төлөй албай, үйдү алдырып жиберүүдөн да корктук. Балдар да чоңоюп, студент болуп калган. Ошол себептен Стамбулдагы сиңдиме келип, иштеп калып калдым. Чет жакка мигрант болуп келгениме мамлекетти деле күнөөлөбөйм. Турмуш-шарт ушундай болду окшойт.

Предпринимательница Кундуз Мамбетова открывшая небольшой хостел в Стамбуле
© Фото / из личного архива Кундуз Мамбетовой
Кундуз Мамбетова: чет жакка мигрант болуп келгениме мамлекетти деле күнөөлөбөйм. Турмуш-шарт ушундай болду окшойт

— Түркиядагы мигранттардын азыркы абалы кандай?

— Кыргызстанда эл өтө эле аз айлык менен иштеп жатпайбы, ал эми Түркияда эң аз маяна 300 доллар. Бул жакта эмгек мигранттары аябай көп. Кыргызстандык мекендештер ар кандай иштерде, өз жолу менен иштеп жүрүшөт. Ал эми жумуш таппай жүргөндөр кандайдыр бир деңгээлде өзү деле күнөөлүү деп ойлойм. Кыздарыбыз тырышчаак, иштерман келишерин байкадым. Кыргызстанга акча салып, үй алып же ата-энесинин насыясын төлөп жүргөндөрү көп. Түркияга келгени менин деле башымдан көп нерсе өттү. Азыр аны майдалап айта бергим келбейт. Мигранттардын көбү тил билбей кыйналышты. Бирок Түркияда деле бизнес ачып, бутуна турган жаштарыбыз арбын. Антсе да бирөөнүн элинде, бөтөн жерде ийгилик оңой эле келип калбайт. Ушунун баары балдардын талыкпаган эмгегинен улам жаралууда.

— Мигрант катары барып, бөтөн жерде хостел ачууга кантип жетиштиңиз?

— Башында үй жумуштарында иштеп жүрдүм. Бул жакта чакан мейманкана, хостел ачып, меймандарды кабыл алуу жагы жакшы өнүккөн. Анткени туристтер көп. Ошондуктан мен дагы Стамбул шаарында мекендештер үчүн чакан хостел ачып иштетип жатам. Кыргызстандан соодагерлер көп келет. Кээде башка өлкөдөн кайтып келе жатып, Стамбулга эки күнгө токтоп, шаар көрүп кеткен кыргыздар бар. Ошондой эле Түркиянын чет жакасында жашаган мекендештер да Стамбулга борборду көргөнү көп каттагандыктан бизде түнөп калышат. Менин меймандарым азырынча жалаң кыргыздар. Бирок кийин хостелди кеңейтип, башкаларды деле кабыл алсам деген оюм бар. Ага чейин бул бизнестин эки жагын үйрөнүп, жакшылап тажрыйба топтоп жатам. Түркияда эмгек визаңды жасатып, документтериң туура болсо ишкердик менен алектенүүгө эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Болгону мамлекеттин мыйзамын бузбай, кайсы жерге, кандай салык төгүү жагын билип алсаңыз эле эч ким кой дебейт. Бизнес жасагысы келгендердин баарына уруксат берилген.

Предпринимательница Кундуз Мамбетова открывшая небольшой хостел в Стамбуле
© Фото / Толук Бек Байзак
Кундуз Мамбетова: бул жакта стоматология борборун ачкан, чач-тарач, сулуулук жана SPA салондорун иштеткен кыргыз жаштары көп. Аларды көрүп кубанасың

— Ишинен баар таап, ийгиликтерге жетишкендери да арбын болсо керек?

— Ооба, мыйзамдуу жол менен келип, талыкпай эмгектенгендердин иши жакшы. Жакында эле кыргызстандык кыздар Стамбулда Бишкектин кодун коюп "312" аталышындагы сулуулук салонун ачышты. Тейлөөнүн бардык түрлөрүн көрсөтөт. Жанына кичирээк ашканасын кошо уюштуруп коюшту. Шарты аябай сонун. Көрүп абдан кубандым. Дагы бир кыргыз жигит Стамбулда стоматологиялык клиника ачты. Өзү мыкты адис болгондуктан Европадан бери келген кардарлары бар экен. Ушул жаштарды көрүп ыраазы болосуң. Бул жакта чач-тарач, сулуулук жана SPA салондорун иштеткен кыргыз сиңдилер көп. Мындай ийгиликке деле оңой жете албайсыз. Талыкпаган эмгек керек. Алгач күнү-түнү иштеп, анан жемишин көрө баштайсыз.

— "Мигрант айымдар" коомдук уюму кандайча түптөлгөн?

— Стамбулда кыргыздардын "Кыргызстан достук жана маданият" деген коомдук фонду бар. Анын алдында аялдар жана студенттер коому өңдүү өз алдынча уюмдар түзүлгөн. "Мигрант айымдар" уюму да ушул фонддун алдында уюшулган. Аны эки жылдан бери жетектеп да келем. Бизге мүчө болуп катталган 60 мигрант аял бар. Колдон келген жардамды берип, психологиялык колдоо көрсөтөбүз. Андан тышкары, кыргыздарга жана мекенибизге байланышкан ар кандай иш-чараларды, майрамдык кечелерди, жыл сайын "Ноорузду" уюштуруп турабыз.

Предпринимательница Кундуз Мамбетова открывшая небольшой хостел в Стамбуле
© Фото / из личного архива Кундуз Мамбетовой
Кундуз Мамбетова: Түркияда эмгек визаңды жасатып, документтериң туура болсо ишкердик менен алектенүүгө эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Болгону мамлекеттин мыйзамын бузбай, кайсы жерге, кандай салык төгүү жагын билип алсаңыз эле эч ким кой дебейт

— Мекенди сагындыңызбы?

— Кыргызстанды абдан сагынабыз. Мекенде балдарыбыз, туугандарыбыз, эли-журтубуз бар. Түркиянын ар бир өнүккөн жерин көргөндө бизде да ушундай болсо деп тилек кылам. Түрк эли туризмди өнүктүрүүгө, келген меймандарга абдан жакшы шарт түзүп коюшкан. Тоонун башынан кычыктагы айылдарына чейин туристтерге ылайыкташкан жайлардан куру калган эмес. Кыргызстандын деле жаратылышы кооз, сонун жерлери бар. Биздин мекенге да ушундай шарттарды түзүп, туризм тармагын өнүктүрүп койсо эмне деп ойлоносуң. Тилек кылабыз. Түркиянын жакшы жагын көргөн сайын Кыргызстанды ойлоп, кабатырланабыз. Анын өнүгүшүнө салым кошсок деген изги тилегибиз бар.

Тема боюнча

Түркияда дарыланууга муктаж кыргызстандыктарга жардамдашабыз. Ишкер Лиранын маеги
Музыка менен АКШны багынткан кыргыз кызы: ыйлаган күндөрүм көп болду
Белгилер:
хостел, маек, бизнес, Мигрант, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ