Бишкек: жигит автокыймылды жөнгө салып, инспектор четте турган видеонун төркүнү

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын кызматкери. Архив
Кайгуул милициясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясынан жай жаран автокыймылды жөнгө салып жатканда милиционер ошол жерде эмнеге карап тургандыгын айтып беришти.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Интернетке жигит Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде ышкырык жана автоинспектор таягы менен автокыймылды жөнгө салып, ал эми четте автоинспектор башка бирөө менен сүйлөшүп турган видео тарады.

Видеого тарткан кишинин айтымында, окуя Манас — Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кайгуул милиция кызматынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу окуя мурдагы күнү болгондугун, видео кечээ тараганын айтты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Авторынок (@avtorinok_kg)

Ал көчөдө жол кыймылын башкарып жаткан жаран Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгынан окуудан өтүп жаткан курсант экендигин билдирди. Маалымат катчынын айтымында, курсантты кызматка алуу боюнча азырынча атайын буйрук жок болгондуктан, милиционердин кийимин кийбестен иштеген.

Айтикул уулу тажрыйба топтогон мындай сабактар дагы улантыларын айтты. Формасыз жөнгө салуучу курсанттардын жанында болгон Кайгуул милициясынын кызматкерлери аларды көзөмөлдөп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0