БШК укук коргоо органдарына добуш сатуу жана админресурска каршы турууну үйрөтөт

Жазылуу
Тренинг 23-ноябрда Жалал-Абад шаарында башталып, 12-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында болот.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарына шайлоодо добуш сатып алууга жана административдик ресурска каршы туруу боюнча тренинг өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Шайлоо учурунда БШКнын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК президент болом деген 12 талапкерди жарыштан четтетти
Аталган иш-чара алдыдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузууларга жол бербөө максатында өткөрүлгөнү жатат. Иш-чара 23-ноябрда Жалал-Абад шаарында башталып, 12-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында болот.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен административдик ресурс колдонуунун жана добуш сатып алуунун жоопкерчилиги талкууланат. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жана юридикалык нормаларды колдонуу тартиби кенен түшүндүрүлөт. Аны менен катар чара көрүү жолдорун да талкуулашат.

Тренингди БШК Европа коопсуздук кызматташтыгы уюмунун колдоосу алдындагы "Жарандык платформа" коомдук фонду менен биргеликте өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0