"Орто-Сай" базарынын айланасына тосмо орнотуу пландалууда

Жазылуу
Базардагы абалды жеринен көргөн комиссия тосмолордун деталдуу долбоорун иштеп чыгуу жана базарды биргелешип жакшыртуу боюнча макулдашты.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясынын шаарды өнүктүрүү жана өрт коопсуздугунун стандарттарын сактоо боюнча кызматтардын көчмө комиссиясы "Орто-Сай" базарынын аймагын карап чыгышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Базардын коопсуздугу боюнча маселе жеринде талкууга алынды.

"Базардын администрациясы, архитекторлор жана "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын жеңил типтеги объектилер бөлүмүнүн адистери менен биргеликте соода комплексинин узун-туурасына жетчү тосмолордун долбоорун пландаштыруу боюнча алдын ала иштер жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Кыпкызыл чокко айланган базар. “Орто-Сайды” каптаган өрттүн асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Кыпкызыл чокко айланган базар. “Орто-Сайды” каптаган өрттүн асмандан көрүнүшү
Жолугушууда тосмолордун деталдуу долбоорун иштеп чыгуу жана базарды биргелешип жакшыртуу боюнча макулдашуу болгон.

Эскерте кетсек, 9-ноябрда базарда ири өрт чыгып, жалын жалпы аянты болжол менен 1800 чарчы метр жерди жалмаган.

Райондун акими өрт өчүрүүчүлөргө "Орто-Сай" базарынын кире беришинде тоскоолдук жаралганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0